Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Папан айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлеринин иши сотко өткөрүлдү


ОШ. Папан айыл өкмөтүнүн башчысына жана анын эки кызматкерине карата кылмыш иши жергиликтүү тургундардын арызынын негизинде козголгон. Ишти караган Ош жана Баткен облустары боюнча финансы полициясынын тергөөчүлөрүнүн айтымында, жергиликтүү мамлекеттик кызматкерлер айыл өкмөтүнүн аймагында мамлекеттик резервде турган 20 гектардан ашуун жер участкаларын мыйзамсыз сатып жиберишкен. Мындан сырткары жергиликтүү тургундарга үй куруу үчүн жер берүүдө акча талап кылышкан. Көптөгөн жер аянттары тиешелүү аймакта жашабаган адамдарга берилип кеткен, албетте, бекер эмес.

Фискалдык органдар айыл өкмөтүнүн башчысынын жана анын жан-жөкөрлөрүнүн мыйзамсыз жол менен табышкан кирешелери 1 млн. сомго жакын экендигин иликтеп чыгышкан. Учурда кылмыш жаза кодексинин кызмат абалынан кыянат пайдалануу тууралуу 304-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тергелип бүтүп, сот өндүрүшүнө берилди. Бул жөнүндө бүгүн «Азаттыкка» финансы полициясынын түштүк аймактык бөлүмүнөн кабарлашты

XS
SM
MD
LG