Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Регионалдык семинар ишин жыйынтыктады


БИШКЕК. Донордук жардамдарды иретке келтирүү боюнча Париж форумунун алкагында өтүп жаткан аймактык семинар бүгүн ишин аяктады. Эки күнгө созулган бул семинарда ишкердик өнүгүүнү жөнгө салуу, коомдук жана менчик тармактарга донордук жардамдарды көбөйтүү, өткөөл мезгилдеги экономикалык процесстерди координациялоо өңдүү маселелер талкууланды.

Семинарда Кыргыз өкмөтүнүн, эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү жана чет өлкөлүк эксперттер катышты. Донордук каражаттарды иретке келтирүү максатындагы 2-форум Парижде келерки жылдын башында өтөт жана анда реформалоо долбоорлорун ишке ашыруу багытындагы саясий милдеттенмелер талкууга алынат.

XS
SM
MD
LG