Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Акаев Путин менен Ново-Огареводо жолукту


БИШКЕК. Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын маалыматына караганда, эки мамлекет ортосундагы соода жүгүртүүнүн өлчөмү 55% өстү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 25%ке көп. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ново-Огареводогу резиденцияда бейшемби күнү кечинде өткөн жолугушууда маалымдады.

Кыргызстан президентинин маалымат кызматы бүгүн билдиргенге караганда, Путин жолугушууда Акаевди 60 жаш курагы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө үзгүлтүксүз көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Акаевдин жолугушууда белгилегенине караганда Камбарата-1 жана Камбарата-2 ГЭСтеринин курулушун баштоо тууралуу макулдашууга кол коюу учуру жакындап калды. Басма сөз кызматынын маалымдаганына караганда, Аскар Акаев сапарын бүгүн Санкт-Петербург шаарын көздөй улады.

XS
SM
MD
LG