Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Бейөкмөт уюмдар өкмөттү түрмөлөрдөгү абалды оңдоого чакырды


БИШКЕК. Кыргызстандын түрмөлөрүндө учурда 17500 адам отурат. Жыл сайын жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын 20% каза табышат. Мындай жагдай социалдык камсыздоонун жетишсиздигинен, адам укуктарынын корголбогондугунан келип чыгууда. Эларалык «Фридом Хауз» уюмунун долбоорунун алкагында иликтөө жүргүзгөн жергиликтүү бир катар бейөкмөт уюмдар ушундай тыянакка келишти. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бейөкмөт уюмдар Кыргызстан «Бириккен улуттар уюмунун кыйноолорго каршы комитетинин сунуштарын аткарбай жатат» деген тыянакка келишти жана Кыргыз өкмөтүнө бир катар сунуштарды жолдоду.

Алардын катарында түрмөдө отургандардын укугун коргоочу биргелешкен юридикалык система түзүү сунушу да бар. Бул тууралуу иликтөөнүн жыйынтыгын талкуулаган бүгүнкү "тегерек үстөлдө" маалымдалды. Иликтөө былтыр августта башталып, быйыл ноябрда аяктаган.

XS
SM
MD
LG