Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

«Ал-Каида» менен иштеген деп шектелгендердин бири Кыргызстанда төрөлгөн


БИШКЕК. Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин кечээ тараткан маалыматына караганда, «Борбор Азиядагы можахеддер жамааты» аттуу топтун аталган өлкөдөгү ишмердүүлүгү аныкталды. Маалыматка караганда, «ал-Каида» террордук уюмунун тутумуна кирген бул топ ишмердүүлүгүн Казакстанда, Өзбекстанда, Кыргызстанда жана Орусияда жүргүзүп келген. Кармалган 9 шектүү адамдын көрсөтмөлөрүнө караганда жамааттын жетекчилеринин бири – Кыргызстандын жараны Жакшыбек Биймурзаев болгон, ал Чеченстанда даярдыктан өткөн жана Ташкендеги терракты жетектеген деп айтылууда. Биймурзаев Кыргызстандын паспортунан тышкары Өзбекстандын, Казакстандын паспортторун пайдаланып келген. Бул кабарды Казакстандын басма сөз каражаттары таратты.

Кыргызстандын коопсуздук кызматынан алынган маалыматка караганда Жакшыбай Биймурзаев Талас өрөөнүндө төрөлгөн, бирок анын үй бүлөсү Өзбекстанга, андан кийин Казакстанга ооп кеткен.

XS
SM
MD
LG