Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Чолпон Баекова Жогорку Кеңешке жана Жогорку cотко кат жолдоду


БИШКЕК. Бүгүн Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова жолдогон эки кайрылууну карап көрүү суранычын билдирген каттарды Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевге жана Жогорку cоттун төрагасы Курманбек Осмоновго кат жолдоду.

Төлөкан Исмаилова Конституциялык cотко кайрылган биринчи катында Жогорку Кеңеш «…депутаттарды шайлоо боюнча бир мандаттуу аймактык шайлоо округдарынын тизмесин бекитүү жөнүндөгү» токтомду өткөн жылдын 30-июнунда «Шайлоо кодексин» бузуу жолу менен кабыл алгандыгын белгилеп, аны менен кошо негиздемелерди тиркеген.

Экинчи катта учурда түрмөдө отурган саясатчы Феликс Куловго байланыштуу 1-май райондук сотунун 2002-жылдын 8-майында кабыл алынган өкүмүн жана Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун 2004-жылдын 13-августундагы токтомун жокко чыгаруу зарылдыгы белгиленген. Муну кайрылуу ээси Куловдун жаза өтөө мөөнөтүнүн эсеби туура эмес экендиги менен негиздеген.

"Жарандык коом коррупцияга каршы" бейөкмөт уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова аталган эки маселеге байланышкан кайрылууну Конституциялык сотко 9-ноябрда жолдогон.

XS
SM
MD
LG