Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Абхазияда оппозиция өкмөт үйүн алды


Грузиядан өз алдынча бөлүнүп алган Абхазияда президенттик шайлоодогу оппозициячыл талапкер Сергей Багапш бүгүн өкмөт үйүн басып алган тарапкерлерин тынчтанууга үндөп жатат. Абхаз премьери Нодар Хашба анын алдында жансакчылары менен имараттан чыгып кеткен.

Демонстранттар абхаз бийликтеринин баш кеңсесин басып алар алдында ал жерди кайтарган коопсуздук кызматы ок ачып, бир кишини жарадар кылганы, дагы бир канча адам ооруканага жеткирилгени маалымдалды.

Көтөрүлүшкө чыккандар 3-октябрдагы президенттик шайлоодо Сергей Багапш жеңгенин таанып, аны жумурият башчысы катары жарыялоону талап кылууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин эле оппозициячыл талапкер Багапш жеңгенин ырастаган, бирок өкмөт колдогон талапкер Раул Хажимба добуш берүү адилет болгон жок деп, ал чечимди улам сотко берип келатат.

XS
SM
MD
LG