Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:28

"Адам жана тагдыр" түрмөгүбүздүн бул жолку мейманы - Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жубайы, Социалисттик эмгектин баатыры Керимбүбү Шопокова.

- Саламатсызбы, Керимбүбү эне! Биз сизге баатырдын баатыр жарынын карылык ал-абалы кандай болду экен деп кайрылып отурабыз. Ден соолугуңуз бакубатта, күүлүү-күчтүү отурасызбы. Канчага келип калдыңыз?

- Ырахмат айланайын кайрылганыңарга. Эстеп келип, Шопокова барбы экен деп ал-жайымдан кабар алганыңарга ыраазымын. Мен быйыл 88 жашка чыгам го. Өзүм 17-жылкымын. Мына токсонго чыгат, жүзгө чыгат деген ушу. Эми жүзгө барбасам экен деп отурам. Ушу бала-бакыранын алдында акыры барар жерге, акыл эсим барында кетсем экен деп отурам. Мен жаш кезимден жетим бала, жесир аял болдум. Балтыр этим каталекте кетмен көтөрдүм. Тагдырыма ушундай жазылган экен. Комсомол комитети, звеновой болуп да иштедим. Эмгегиме жараша өкмөт ардактады, даңктады ага ыраазымын.

- Эки баатырдын тагдыры уккан адамды кызыктырбай койбойт. Социалисттик эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова, Москваны коргогон легендарлуу Панфилов дивизиясынын атактуу баатырларынын бири Дүйшөнкул Шопоковдун жубайы тирүү демекчи, ушул эки баатырдын тагдыры тууралуу кеп салып бербейсизби?

- Эки баатырдын тагдыры эмне болсун. Жаш кезимден баш кошкон Дүйшөнкүл менен алты жылча жашадым. Мен томолок жетим болчумун дебедимби. Күйөгө тийет деген ушу экен деп, атына учкашып келе бергемин го сыягы (күлүп). Ал жаман киши эмес эле. Ошол кезде аскердин алты айлык окуусу бар эле. Ошондон окуган. Ал мага караганда ошол аскер окуусун, анан жетинчи класс билимдүү болуп алды.

Андан бир кыз бар. 41-жылы согуш чыкты. 41-жылы 18-июнда Дүйшөнкул согушка кетти. Бул күн эч эсимден кетпейт. 20-июнда түн ичинде жазган каты мага келди. Ошол бойдон кат келбей калды. “Бармак бар, келмек жок” деп, “мен жүрөгүм үзүлгөнчө Москваны коргойм” дечү ыраматылык Дүйшөн. Айткандай Москвада кандай өрт болду. Панфилов дивизиясында биринчи болуп менин жолдошум Советтер Союзунун Баатыры болду. Анда ким билет “герой Советский союзду” мен качан келет деп эле кат күтүп жүрө берипмин. Кат издетпеген жерим калбай. “Зууракан Кайназарова депутат, катты ушул алып берет экен” деп элден угуп ага барган да күнүм болгон. Ошентип кат күтүп жүргөн кезимде, өзүмдөн өзүм эле ысып-күйүп, бир жамандыкты сезгендей болгон экем. Шымалана жеңди түрүп, жалаң көйнөк менен жер казып кызылча эгем. Анан Дүйшөн эсиме түшкөндө эле конторага жөнөйм. Биздин башкарма депутат болчу. “Сен эмнеге кат алып бербейсиң, Тогуз ай кат келген жок” деп эле демитип барам. “Эртен, бүрсүгүнү кат келет, эмнеге эле шаштың, элдин баары согушта жүрбөйбү” деп күпүлдөп койот. Кокуй, тил укпай эле койсом болмок деп келсем, үйдө мени күтүп турушуптур, Дүйшөнкүлдан айрылганымды угузуп отурушпайбы. Мына мынтип өрткө түшүп, өрттөнүп, кашайып отуруп калдым.


(Ушул сүрөт деп Дүйшөнкулдун сүрөтүн көрсөтүп, оор үшкүрүп алды).

- Канча жашыңызда жесир калдыңыз?

- Жесир калган мындай турсун, Дүйшөнкулдун эки иниси, карындашы, чоң апасы болуп тогуз үй-бүлө колумда калды. Баламды кемпирге таштап, жумушка кетем. Ыйласа ыйлап калабы, бирдеме болуп калат. Көз жашымды эч кимге көрсөтпөй, тиштенип үйдөн чыгып кетем. Анан кантмек элем. Жок дегенде ошол баласы калганда деп арман кылам да эми. Жакшыдан туяк калса жаман болбос эле.

-Керимбүбү эне Дүйшөнкүл Шопоковдун сүрөтүнө катарлаш илинип турган сүрөттү көрсөтүп, буларды айтып берейин деп сөзүн улантты.

- Бул Дүйшөнкулду узатып жаткандагы сүрөт. Бул сүрөттөгү мен Хрущев менен түшкөм. Ал мезгилдеги жетекчилер теги башкача эле. Исхак Раззаков, Султан Ибраимов, Болот Мамбетов, Төрөбай Кулатов дегендер кандай кишилер эле, атаганат десе. Депутат болдум беш жыл. Бул жетекчилер үйүмө тынбай келишээр эле. Абалымды тынбай сурап турушар эле. Көрсө жесир калды, колдоп туралы дешкен го арбагынан айланайындар.

- Сиз аттарын атаган Төрөбай Кулатов, Султан Ибраимов, Болот Мамбетов, Исхак Раззаков сыяктуу маркум болуп кеткен жетекчилерди мыкты эле деп айттыңыз. Кандай жетекчилер эл эсинде калат деп ойлойсуз?

- Элге жакшы болчу алар. Мен ойлойм да жетим болуп, жесир болуп калган байкушту көтөрмөлөп, улук башын кичик кылып менден кабар алып турушканын кара. Бир тууганындай карачу эле ушулар.

- Эми Керимбүбү эне, союз мезгилинде согуштун катышуучулары баркталаар эле. Азыр андай болбой калды деген сөздөрдү көп эле угууга болот. Сиз болсо эмгектин мындай айтканда согуш мезгилинде тылда кызмат кылган киши катары кандай дейсиз?

- Мен кандай дейин. Чын, жүрөгүмдө дүпүйгөн кичине армандуу таарынычым бар. Менин жолдошум Дүйшөнкул Москваны коргоп, биринчи жолу окко көкүрөгүн тоскон баатыры катары согуштун курманы болгон. Москва үчүн жанын берди. Союз учурунда бири келип, бири кетип абалымды сурап турчу. Мен болсо билегимди түрүп, күйөм Москваны коргоп “герой” болсо, баягынын жолдошу эмгектен “герой” болуптур десин деп кызылчаны бирден жулуп, көзүмдүн жашын төккөн тилегимди берди. Өкмөткө ыраазымын. Орден тагып, баатыр деген наам берди. Бирок менин арманым Дүйшөнкул көп айтылбай калды. Же Орусиянын президенти Путин же Кыргызстандын президенти Акаев айтпайт. Үмүт кылып телевизордон көз үзбөй карай берем. Мына Улуу Ата Мекендик согуштун 60 жылдыгы болот деп атат. Мен айткамын өлсөм да барамын деп. Мени таштап кетишсе жөө болсо да барамын Москвага. Дүйшөнкул өлгөн жерди көрүп келейин деген карылыктагы акыркы үмүтүм бар. Панфиловчулар көмүлгөн жерге арча тиккемин. Азыр кандай болуп калды экен. Баягыдай болбой калса деле керек. 80-жылдары барган элем. Ал жерде панфиловчулардын окопу да бар. Өлгөн жерин бир көрүп келсемби дейм. Карылык жетти. Эртең кетемби, бүгүн кетемби - бир көрүп келсем дейм. Чалыма куран окуп келсем дейм да, өлгөн жерине барып. Жүрөгүмдө ушул. Мени эстеп коюшса жакшы болор эле, ошонун чалы Москвада өлгөн эле ала баргыла деп. (күлүп)

- Керимбүбү эне, согуш мезгилин баштан кечирип, жолдошуңуздан ажырап, анан да жетим өскөм деп жатасыз. Ден соолугуңуз кандай?

- Мына 90 жашка таяп калдым. Ден соолугум жаман эмес. Бирок сөөк-сагым кичине какшап, карылык го дейм - жакшы басалбай калдым. Мен кызылчада кандай иштедим. Ар бир гектарына 600-700дөн кемитпей түшүм берип келдим. Кызылчанын түбүнө отуруп алып, күйөөсү “герой” десе аялы да “герой” экен деп айтсын деп, Зууракан Кайназаровадан кийин аялдардан баатырлар чыктык.

- Керимбүбү эне, жаш кезиңизде жесир калыптырсыз. Дүйшөнкул Шопоковдон ажыргандан кийинки тагдырыңыз кандай болду?

- Мен айтпадымбы жаш кезимде жесир калдым деп. Кудай билет мен он жылга жакын жесир жүрдүм го. Ошондон тогуз бала, бүт Шопоковдорду багып-сагып келдим. Кыргызда кеп-сөз болот экен да. Мына эмесе деп анан эрге тийип алдым.(күлүп)

- Кийинки күйөңүздө жүрүп деле Шопокова болуп калдыңызбы. Ушул фамилияда жүрүүнү кааладыңызбы? Күйөөңүз каршы чыккан жокпу?

- Ооба, ушул эле Шопокова болууну кааладым. Мени Шопокова болбо деп эч кандай сөз болуу мүмкүн эмес. Жолдошум деле каршы чыккан жок байкуш. Ал дагы аскерде жүрүп келген. Орден-медалдары толтура болчу анын да. Кийинки жолдошум деле жат-жалаа эмес эле. Уялаш элек. Жыйырма жыл жашадым. Сексенинчи жылы өлдү, маркум. Ардактап тапкан уулдарым бар. Кубатбеков Курманбек деп жүрбөйбү. Кандай иште экенин билалбайм. Ак иштесе болду. Жаман балдарым бар кудайга шүгүр.

- Керимбүбү эне күлүп сүйлөгөн жаркыраган эне экенсиз, бир жагы кайраттуу экениңиз көрүнүп турат. Бирок “арман” деген сөздөрдү көп айтканыңыздан улам сурайын деп турам: тагдырыңызга ыраазысызбы? Өзүңүздү бактылуумун деп эсептейсизби?

- Өзүм бактылуу элемин. Эне катары балдарым бар. Тагдыр Дүйшөнкулдун маңдайына бүтсө, менин таңдайыма бүткөн экен. Аркасы менен жаман болгон жокмун. Дагы эле “Дүйшөнкулдун байбичеси” деп, “Дүйшөнкул” деп турушат. Ырахмат, айлайын эли-журтума ыраазымын. Дүйшөнкулдун музейи бар. Эртерээк болгондо көрүп кетет элең.

- Маегибиздин аягында Керимбүбү эне жаш кезиңизди эске салып, Дүйшөнкул Шопоковго арнап ыр жазгандырсыз. Ырдаган болсоңуз керек?

- (Көпкө унчукпай туруп, ынамаксан болуп туруп):
Кетип баратканда бир:
Он сегизи кечинде
Поездге түштүң бешимде.
Поезд жылып кеткенде
Алышып колуң бетимде.

Фашистти кууп Берлинге
Барса экен деп күткөмүн.
Барктуу Ленин орденин
Алса экен деп күткөмүн.
Өз элине саламат
Келсе экен деп күткөмүн. (үшкүрүп)
Өзү да жанын аябаган байкуш эле. Мен өзүм беш жолу депутат болдум. Көп актив кызматтарда иштедим. Капырай, анда эшигибиз ачыгы ачык, чачыгы чачык эле турар эле. Шумдуктуу десе - азыр болсо күндүзү да бекитебиз. Ушуга нааразымын. Өтө нааразымын. Мурда мындай жок эле.


- Керимбүбү эне, ушул сыяктуу ичиңиздегини айтып алдыңызбы. Болбосо сизге дагы микрофон сунайын. Канча куракка чейин жашагыңыз келет?

- Айланайын, жашадым. Мен жашка тойдум. Ушул балдарымдын, эли-журтумдун алдында акыл-эсимдин барында кетсем жакшы болот эле.

- Адам өмүргө тойбойт дейт го. Ар бир эле адам жашоону жакшы көрөт эмеспи.

- Жашың келип калса. Балам деле элүү-алтымышка чыгып калды. Кызым мына алтымыш жетиде. Кудай ыйманы жолдош кылсын, айланайын.

- Эне сексен-токсонго чыккандар деле бар го.

- Кой айланайын, баркың барында кете бергеним жакшы. Акыры барасың. Ыйман берсе болду. Ырас эле мен бир Акаев балама туулган күнүнө куттук айтайын дедим эле маакулбу ошого?

- Айтыңыз!

- Кымбаттуу Аскар балам! Сени телевизордон угуп отурам алтымышка чыкты деп. Алтымыш жашыңа жаш кошулуп, бактылуу бол айланайын. Согуш чыкпай, элиңди аман кармап, эл менен бактылуу бала бол кагылайын. Бирок айланып кетейин, кызматың адилет болсун! Ак жүр! Жаман-жакшыга карап жүр!
XS
SM
MD
LG