Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:23

Кытай экономикасынын арымы отун энергиясына болгон керектөөнүн өсүшү менен коштолууда. Акыркы беш жылда Бээжин сырттан мунай сатып алууну эки эсеге көбөйттү. Ал эми үстүбүздөгү жылдын сегиз айында мунай керектөө Кытайда дагы 40 процентке өстү. Өлкөнүн отун корун ишенимдүү камсыздоо үчүн өкмөттүк “Zhuhai Zhenron” компаниясы жыл башында Иран менен 20 миллиард долларлык келишим түздү. Жакында, Бээжин жана Тегеран дагы бир келишимге кол коюшту. Бу эки келишимге ылайык Кытай Ирандан карамай жана газ сатып алып, Ирандын Ядаваран мунай кенин өздөштүрөт.

Кытай-Иран ортолук жаңы келишим Кытайдын мунайга улам өсүп бараткан керектөөсүн аз да болсо жабат. Париждик эксперт Жан-Филипп Бежанын пикири:

-Экономикасы тез өсүп бараткан Кытай отунга аябай муктаж. Ошондуктан Бээжин керектөөсүнүн кеминде жарымын канааттандыруу максатында мунай жана газды экспорттоону көбөйтүшү шарт. Кытай азыр Жакынкы Чыгыштан мунайды өтө көп сатып алууда. Кытай региондун бир кыйла америкачыл өкмөттөрүнө көз каранды болбоонун амалын издеп, Иран менен келишим түздү.

Маалымат булактары Бээжин-Тегеран ортосунда өткөн айда кол коюлган келишим тууралуу түрдүү маалыматтарды берүүдө.

Кытай өкмөттүк Синхуа агенттигинин билдиришинче, Кытайыдын “Sinopec” фирмасы келерки 30 жылда Ирандан 250 миллион тонна газ сатып алат. “Sinopec” ошондой эле Ядаваран мунай кенин өздөштүрүүгө жардамдашып, анын акысы үчүн кен ишке киргенден кийин Иран күнүгө Кытайга 150 миң баррел карамай экспорттойт.

Эгер Ирандын ИРНА агенттигине ишенсек, 25 жыл ичинде Кытайга 10 миллион тонна гана газ сатылат.
Адистер Ядаваран кени ылдам дегенде төрт жылда өздөштүрүлөт жана ошондон кийин гана Кытайга газ жибере баштайт деп боолгошот.

Лондондогу Economist Intelligence Unit борборунун талдоочусу Бен Фолкс Ирандын батыштык инвестицияга болгон муктаждыгынын себеби тууралуу мындай пикирде:

- Батыш жакынга чейин эки себептен улам Ирандын мунай өнөр жайын инвестициялоого шашпай жаткан. Биринчиси, Иран мурдакы келишимдерге ар кандай кошумчаларды киргизет деген чочулоо болду. Экинчиси, саясый себепке байланыштуу. Ирандын мунай өнөр жайы чет элдик капиталга аябай муктаж болгондуктан, Тегеран азиялык керектөөчүлөргө өз камын ойлоп бурулду. Кытай алардын эң чоңу жана маанилүүсү.

Британиялык талдоочу Хоман Пейманинин баамдашынча, Бээжин-Тегеран аралык кызматташуу саясый жактан өзгөчө маанилүү:

-Иран жана Кытай улам жакындашууда жана бирин бири келечекте атаандаш катары көрүшпөйт. Береги келишим Кытай эч качан Американын тышкы саясатына жетеленбей турганына ачык далил.

Ырасында эле Кытай газ келишимине кол коюлгандан кийин, Тегеранды анын ядролук программасы боюнча МАГАТЭ менен жүрүп жаткан таймашында жактап, АКШнын сунушуна каршы чыгаарын билдирди.
Бирок франциялык эксперт Бежанын айтымында:

– Кытай учурунда Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Иракты бир аз жөлөп-таяды. Бээжин бирок Иранды коргоо үчүн Кошмо Штаттары менен болгон мамилесин курмандыкка чалбайт. Ошон үчүн Вашингтон чындап эле Иранга каршы чара көрмөкчү болсо, Кытай Кошмо Штаттарга түз каршы чыкпайт.

Вашингтон бир нече жылдан бери Тегеранды атомдук энергия программасына жамынып, кыргын салчу куралды жасоонун аракетин кылууда деп күнөөлөп келет.

Ушундан улам Буштун администрациясы МАГАТЭнин 25-ноябрда өтчү жыйынында Иранга каршы санкция колдонулушу мүмкүн экенин Коопсуздук Кеңешине сунуш кылуусун талап кылууда. Кытай жакында бу талапты колдобосун эскерткен.
XS
SM
MD
LG