Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29

КАЗАКСТАНДЫН УРАНЫНА КЫТАЙ КЫЗЫГА БАШТАДЫ


Шайырбек Эркин уулу, Прага Казакстан учурда уран өндүрүү боюнча дүйнөдө төртүнчү орунду ээлейт. Жер жүзүндөгү уран корунун үчтөн бир бөлүгү да ушул өлкөдө. Соңку кездерде Казакстандын уранына коңшу Кытай кызыга баштады.

Өткөн жуманын соңунда Бээжинде Кытай мамлекеттик өзөктүк корпорациясы менен Казакстандын улуттук атом компаниясы “Узак мөөнөттөгү стратегиялык шериктештик” жана 2020-жылга чейинки кызматташуу тууралуу келишимге кол койду.

"Казакстандын улуттук атом компаниясы" Эларалык өзөктүк агенттиктин эсебинде уран өндүрүү боюнча дүйнө жүзүндө өткөн жылы төртүнчү орунга чыккан. Кытайдын өзөктүк корпорациясы менен болгон макулдашуу Казакстандын уран өндүрүү базарын өнүктүрөт деп эсептейт өлкөнүн "Улуттук атом компаниясынын" басма сөз катчысы Конокбай Саттаров:

- Бизде чийкизат кору жетиштүү. Азыр биз уран өндүрүү жагынан төртүнчү орунда турсак, акырындап компаниянын ички мүмкүндүктөрүн кеңейтип, 2010-жылга карай уран өндүрүү көлөмүн 15 миң тоннага жеткиребиз. Ал аркылуу биринчи орунга чыгууну болжоп жатабыз. Буга бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

Кытай менен өзөктүк жана атом тармагындагы келишим узак мөөнөттү камтып, 15-16 жылдын ичинде зор иштердин аткарылышы күтүлүп жатканын белгилеген Конакбай Саттаров ал кандай жумуштар экенин ачык айткан жок.

Ошону менен катар Саттаров кезинде Казакстан өзөктүк курал-жарактан өз эрки менен баш тартканы жакшы кадам катары бааланганын, мамлекет жетекчилиги азыр да ошол саясатынан тайбагандыгын, өндүрүлө турган өнүм бейпил максатка колдонулаарын билдирди.

Улуттук компания негизинен табигый уран, атомдук электр станцияларына арналган өзөктүк отун, тантал жана ушул сыяктууларды өндүрөт. Ал эми Кытай Казакстанда чыгарылган өнүмдү кандай максатта пайдаланышы мүмкүн? Бул суроонун тегерегинде кытайтаануучу аалым Камал Бурханов мындай дейт:

-Кытай чоң өзөктүк держава, Ал курал-жарак жагынан болобу, экономика же саясат жагынан болобу, дүйнөдө экинчи орундагы өлкө. Эгер биздин өнүмдү курал-жаракка колдоно турган болсо эларалык чоң проблемага айланышы мүмкүн.

Ал эми өзөктүк химиялык технологиялар менен жарылгыч заттар кафедрасынын башчысы Абу Меңилбаевдин пикиринде Кытай Казакстандан сатып алган өнүмдү кандай пайдаланса да ага казак тараптын тиешеси жок. Аны териштирүү үчүн атайын эларалык уюмдар бар.

Анын сөзүнө караганда дүйнөдөгү урандын үчтөн бир бөлүгү Казакстанда болсо аны эч кимге бербей жер астында катып жата берген да болбойт. Уран чыгаруудан мамлекет зор пайда табат.

Ошол эле учурда "уран өндүрүүнү көбөйтүү экологиялык зыян алып келбейби" деген да суроо туулууда. Бул суроого экологиялык талаптар сакталса уран кошундуларын өндүрүүдөн зыян жок деп жооп берди экология-экономика илимин изилдөө институнунун өзөктүк-химиялык технологиялар жана жарылгыч заттар кафедрасынын башчысы Абу Меңилбаев:

-Чийки заттан урандын кошулмалары алынат. Жакында Чиелидеги кен жайларын барып көрдүм. Ага жакын айылдардын калкына эч кандай зыяны жок, баары жакшы иштеп жатышат. Урандын кошунду түрүнүн эч кимге зыяны жок.

Ал эми эколог Мелис Елеусизов уранды ашыкча өндүрүүнүн Казакстан үчүн экологиялык залалдары болушу ыктымал деген пикирде:

-Бизде азыр жүздөн ашуун уран кендери бар. Алардын көпчүлүгү иштетилбей жатат. Бул абдан чоң маселе. Уранды чыгарган кезде чаң чыгып, аны менен бирге радиация абага тарайт. Анын адамдын ден соолугуна терс таасир этүү мүмкүнчүлүгү мол.

"Казакстандын улуттук атом компаниясынын" маалыматына караганда жакын арадагы жолугушуулардын биринде эки өлкө жетекчилери узак мөөнөттөгү кызматташуу тууралуу келишимге мамлекеттик деңгээлде кол коюшу күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG