Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:12

Кыргызстандагы «Эркиндиктин үнү» аттуу укук коргоочу демилгелүү жумушчу топ «Фридом хауз» эларалык уюмунун көмөгү менен иликтөө жүргүзүп, шайлоо маалында саясатчылар дин кызматчыларын өз кызыкчылыгы үчүн пайланышат деген бүтүмгө келди. Топтун иликтөөсү боюнча бул көрүнүш ушул жылдын 10-октябрында өткөн жергиликтүү кенештерге шайлоо учурунда өзгөчө байкалды.

«Фридом хауз» эларалык уюмунун укук коргоочуларды колдоо долбоорунун кызматкери Улугбек Бабакуловдун билдирүүсү боюнча иликтөө Талас, Ысыккөл, Жалалабад облустарынын аймагында жана Бишкек шаарында жүргүзүлүп, жалпы жонунан 150 адамдын пикири сурамжыланган. Алардын көз караш баасынын негизинде иликтөөчүлөр саясатчылар ар кандай жолдор менен дин кызматкерлерин өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланышат жана аларды пайдалануунун кеңири тараган түрү мечиттер менен чиркөөлөргө материалдык жардам көрсөтүү деген бүтүмгө келишти.

Улугбек Бабакуловдун баамында, бул кыргыз коомчулугунда кийинки кезде пайда болгон жаңы көрүнүш. Ушундан улам дин кызматкерлери акырындык менен саясатчылардын куралына айланып бараткандыгын жана алар материалдык жардам көрсөткөн атуулдарга ылым саноонун негизинде саясатчыларга, айрыкча, шайлоо маалында талапкерлердин саясий салмагынын көтөрүлүшүнө же азайышына таасир бергенин сезбей жатышат. Ал тууралуу Улугбек Бабакулов мындай дейт:

- Саясатчылар эң оболу мечит куруп берүү, аларга жардам берүү жолу менен дин кызматчыларын колдонуп жатышат. Молдолор алардын жардамын Кудай жолу үчүн берип жатат деп баалап жатышат. Албетте, бул туура. Бирок саясатчылар өз кызыкчылыгын көздөгөн иштерин жүргүзгөн маалда молдолор «Бизге мечит куруп берди, динди колдойт экен, Кудай жолунда кызмат кылып жатат жана саясаты бизге ылайык экен» деген пикирлерин айтышат. Бул үгүттөөнүн бир түрү болууда. Молдолор өздөрү сезбестен, саясатчылардын мүдөөсүн көтөрүп жатат. Себеби катардагы эле адамдар кайсы бир саясатчы жөнүндө молдонун пикирин сураганда молдо «Ал динден алыс экен» деп койсо эле адамдын көңүлүндө "өзү мусулман болуп туруп, динден эмне үчүн алыс болот" деген ой калып калат. Көңүлдө калган ой добуш берүү маалында чечүүчү факторго айланышы толук мүмкүн.

Ал эми кыргыз мусулмандар муфтийи Муратаалы ажы Жуманов «дин кызматкерлеринин саясатка аралашкан фактысы байкалган жок, эгер андай аракет болсо динди саясатка аралыштырбоо жөнүндө диний башкармалык 2003-жылдын октябрь айында кабыл алган чечимдин негизинде жоопко тартылат» деп билдирди:

-Бизде азырынча андай факт жок. Жардам берип жаткандар бар. Бирок мечит курса же башка жардам берсе шарт койбосун деген талапты коюп жатабыз. Эгер молдокелер өздөрү ачык колдосо иштен кетет жана шариятка каршы аракетке барды деп эл алдында ашкере болот. Бирок азыр бир дагы факт боло элек.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Шаршеке Үсөнов да Кыргызстандын Конституциясына ылайык дин мамлекеттен тышкары экендигин баса белгилөө менен бирге дин кызматкерлери атуул катары тиги же бул саясатчыны колдоп, өз көз карашын билдирүүгө укуктуу экендигин билдирди:

- Үгүт жүргүзөбү, добуш береби же жокпу бул динге ишенген жарандардын өз укугу. Ал эми Конституцияга ылайык дин мамлекеттен тышкары жана диний жайларда үгүт иштерин жүргүзүүгө дин кызматкерлери укуксуз.

Укук коргоо тобунун изилдөөсү боюнча, анткен менен мечит жана чиркөөлөр кийинки кезде депутаттыкка талапкерлер шайлоочулары менен жолугушуучу ыңгайлуу жайга айланып барат. Көзү өткөн ата-бабалардын арбагына куран окутуу, кайрымдуулук кылып, жардам көрсөтүү, карылардын батасын алуу деген иш-чараларды өткөрүү аркылуу өзүнүн саясий келечек, максаттары менен тааныштырган учурлар бардык жерде байкалган.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбековдун баамында, бирок бул диний жана улуттук каада-салт менен катуу жуурулушкан көрүнүш болгондуктан, үгүттөөнүн мындай формасына барган талапкерди марадан чыгаруу же дин кызматкерин жоопко тартуу өтө оор иш:

- Эми бул кармалбай турган көрүнүш. Тойдо, жамандык же жакшылыкта сөздөн сөз чыгып «Ушу бала шайланууга татыктуу экен» деп айтылып жатат. Дин кызматкерлери диний уюмдун атынан шайлагыла деп үгүттөбөстөн, жаран катары өз көз караш, пикирин билдирип жатышат. Ошондуктан, дин кызматкерлерин жоопко тартууга эч мүмкүнчүлүк жок. Бирок бул жерде күнөө - талапкерлерде. Мен дагы талапкер катары айтайын, биз «Мага шайлоо учурунда жардам берчи» деп өтүнүп, ушундай иштерге түртүп жатабыз да! Эми бул кыргыз коомчулугунун менталилети…

Ушундан улам «Эркиндик үнү» демилгелүү тобу добуш берүүдө саясатчылар дин кызматкерлери менен диний жайларды кантип пайдаланышы мүмкүн экендигин аныктап, шайлоочулардын өз каалоо ишеними менен гана тандаган талапкерине добуш берүүсүнө көмөк көрсөтүүнү максат кылышты.
XS
SM
MD
LG