Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:49

ЖАҢЫ САЛЫК КОДЕКСИНИН ТАЛАШТАН БАШЫ ЧЫГА ЭЛЕК


Жыл башында президенттин жарлыгы менен түзүлгөн өкмөттүк комиссия жаңы Салык кодексин ашып барса октябрь айына чейин даярдап, парламент талкуусуна коюу милдетин алган. Айрым адистердин айтымында, жаңы кодексти антип апыл-тапыл кабыл алуунун кажаты жок. Жаңы Салык кодекси ишкерлердин катаң сынына туш болууда.

Жаңы Салык кодекси катаң сынга парламентте уюшулган бейөкмөт уюмдар, адистердин катышуусунда өткөн талкууда туш келди.

Салык төлөөчүлөрдүн укугу унутулуп, салык жыйноочуга оголе көп мүмкүнчүлүк берилгени, мындай абал ишкерликтин жолун бөгөп, коррупциянын чайлап-коолап чыгышына алып келери айтылды. Атүгүл айрымдар жаңысына караганда эски Салык кодекси кыйла дурус экенин эскертүүгө үлгүрүштү.

Парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын каржы, бюджет маселелери боюнча комитет төрагасы Жеңишбек Эшенкулов акыйкатта да салык жыйноочуларга кенен укук берилиши керек деп эсептейт:

- Бүгүнкү күндө салыкчылардын укугу жок. Алар салыкты толук өндүрө албай жатышат. Себеби көп ишканалар салык төгүүдөн качып жатышат. Эсептерин жашырып, айлантып аткан акчасын көрсөтпөй, алары миллиондогон сомго жетсе да анын 5 – 10% гана салык төлөп жатышат. Отчетторун бекитишет. Экинчиси, банк лимитти киргизиш керек. Аны киргизмейинче жүгүртүүдө канча акча бар экенин биле албайбыз. Салык төлөбөгөндөр кимдер – ишкерлер. Бир айда 1 миллион акча кассасына түшсө салык төлөбөй, анын 95% эсепке кирбеген жүгүртүүгө жумшап жатышат. Салык кызматкерлеринин пост коюуга да укугу жок. Салык кодексин, салык системасын күчтүү кылбасак мамлекетке жакшы салык топтой албайбыз. Укукту бериш керек, - дейт Жеңишбек Эшенкулов.

Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын каржы жана бюджет комитетинин төрагасы Марат Султановдун ырасташынча, Салык кодексин кабыл алууга ашыгыштын кажети жок:

- Өкмөт көбүнчө административдик чараларды күчөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү көздөп жатат. Мен башында эле үч айдын ичинде эч ким жаңы Салык кодексин жазып бүтүрө албайт, деп ойлогом. Бирок тилекке каршы, кээ бирөөлөр үч айдын ичинде бүтүрүп коёбуз деп мактанып коюшкан экен. Иш жүзүндө бул Салык кодексин биз кенен бир жыл талкуулайбыз го. Бүт ишкерлердин кызыкчылыгы, элдин кызыкчылыгы мына ушул Салык кодексинде камтылган. Кайра эле шашылып, момунчанчы күнгө ала коёлу десек, анда көптөгөн кемчиликтерди кетирип, азыркыга салыштырмалуу начар Салык кодексин алып коюшубуз мүмкүн.

Парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын эксперти Алмазбек Абытовдун маалымдашынча, 1996-жылы кабыл алынган Салык кодексине 2004-жылга чейин 700дөн ашуун өзгөртүүлөр киргизилген:

- Көз карандысыз эксперттердин ырасташынча, жаңы Салык кодекси 400дөн ашуун беренелерден турат. Башта өз алдынча мыйзам боюнча чогултулуп келген салык түрлөрү бир жерге бириктирилип, кодекс кыйла жыйынтыктуу жасалды. Ушу тапта жумушчу топ ишти аягына чыгууда. Буюрса, эмдиги жылга чейин жаңы кодексти парламент талкуусуна коюшубуз ыктымал. Өлкөнүн негизги экономикалык мыйзамындагы салык өлчөмү Конституция боюнча өкмөттүн макулдугу менен гана өзгөртүлөт.

Алмазбек Абытовдун айтымында, өкмөттүн баш оорусуна айланган проблема базар шартына туура келбеген айрым салыктарды алып коюу зарылдыгы болууда. Аларды ойлонбой чийип коюуга өкмөттүн дити барбай туру. Антсе бюджеттин бир капшыты оңурайып калчудай.

Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрага орунбасары Кубатбек Байболов мамлекет ишкерлерди муунтпай, аларга шарт түзүп бериши керек дейт.

- Ишкерлерге барып, аларды муунтуп аткан не деген структуралар бар.

Жаңы Салык кодекси өкмөттүн жактыруусуна ээ болгон соң ушу тапта иштеп аткан парламент талкуусуна сунушталышы ыктымал. Бирок да шайлоо азгырыгына жетеленип алган парламент депутаттары аны кенен-кесир талкуулоого убактысы калбай калды окшойт.
XS
SM
MD
LG