Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Алтымыш түтүн үй-бүлө бир айдан бери электрсиз күн көрүшүүдө


КАРАКОЛ. Жетиөгүз айылындагы Мамырбаев жана Абдрахманов атындагы эки көчөнүн тургундарынын айткандарына караганда, бул көчөлөргө тийешелүү подстанциянын жарылганына бир айга жакын убакыт болду. Постанцияны оңдотуу үчүн акча да чогултуп беришкен. Бирок электр кубатын берүү боюнча алардын суроо талаптары аткарылбай, ар кандай жүйөсүз себептер гана айтылууда. Алардын тынчсызданууларына караганда балдары сабак окуй албай, окуулары үзгүлтүккө учуроодо.

Бардыгынын эле кышка камылгалары шайма-шай эмес, ташкөмүрү жоктору четтен табылат, айрыкча жаш балалуу, оорулуу карылары бар, өксөп жашоо кечиргендердин түйшүгүнө түйшүк кошулду. Эгерде кудайдын улуу күнү болгон айт майрамда жарык берилбесе, анда жөө-жалаңдап болсо да губернаторго барып, арызданарын билдиришти аталган айыл тургундары.

XS
SM
MD
LG