Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:59

Сарык оорусунун "А" тибин жугузгандар көбөйүүдө


БИШКЕК. 2004-жылдын соңку тогуз айында Кыргызстанда сарык оорусунун А тибиндеги вирусуна чалдыккан атуулдардын саны өткөн жылга салыштырганда 1,6 эсеге көбөйгөн. Маселен, 2003-жылы өлкө боюнча мындай илдетке 4413 адам чалдыкса, үстүбүздөгү жылдын тогуз айында 7329 адам ушундай илдетке чалдыккан.

Айрыкча сарык оорусунун А тибиндеги вирусуна чалдыккандардын саны Ош, Баткен, Жалалабад обласында өзгөчө көбөйүүдө. Мындай илдетке өзгөчө мектеп жашындагы балдар чалккандыктан учурда өлкө боюнча алдын алуу иш чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу республикалык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык департаментинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG