Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Кытайдан аскерий делегация келди


БИШКЕК. Кытай эл республикасынын Элдик боштондук армиясынын Ланчжоу аскерий округунунун башчысынын орун басары Цзоу Генчжен жетектеген делегация эки күндөн бери Кыргызстанда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу бүгүн коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кытайлык аскерий делегация иш сапарынын алгачкы күнүндө коргоо министрлигинин жетекчилиги менен уюштурулган жолугушууларга катышты.

Мындан тышкары делегация чегара кызматынын жетекчиси Калмурат Садиев, Улуттук Гвардиянын башчысы Абдыгул Чотбаев менен жолугушуп, Бишкектеги Жогорку аскерий окуу жайда жана Ысыккөл облусунда болот. Делегациянын сапары 16-ноябрда соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG