Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:44

Аскар Акаевди кызматтан кетирүү боюнча кол топтолууда


БИШКЕК. Учурда Бишкекте мамлекет башчы Аскар Акаевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүүнү каалаган атуулдардын колун топтоо улантылууда. Соңку бир аптадан бери үч миңден ашуун адамдын колу топтолду. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына мындай демилгени көтөрүп, кол топтоо жараянын уюштуруп жаткан Кыргызстан элдик-патриоттук кыймылынан кабарлашты.

Кыймылдын саясий кеңеши тараткан билдирүүгө караганда, келээрки аптадан тарта мындай иш чаралар Бишкектин эл көп топтолгон жерлеринде жана өлкөнүн бардык дубандарында ачык жүргүзүлөт.

Айта кетүүчү нерсе - "Кыргызстан элдик-патриоттук кыймылынын" жетекчилери үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында Бишкекте журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүшүп, мамлекет башчы Аскар Акаевди кызматтан кетирүү максатында атайын акцияларды уюштура тургандыгын жарыялашкан.

Мындай акцияга Аксы районунда түзүлгөн «Жерге тал» коому, «Кыргызстан патриоттор партиясы», Клара Ажыбекова жетектеген Кыргызстан коммунисттер партиясы кошула тургандыгы жарыяланган.

XS
SM
MD
LG