Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Райондук сот мамлекет башчысына каршы кылмыш ишин козгоодон баш тартты


БИШКЕК. Кыргызстандын Башмыйзамдын 49-беренесине ылайык мамлекет башчысы Аскар Акаев кол тийгистик укугуна ээ. Ошондуктан укук коргоочу Турсунбек Акундун мамлекет башчы Аскар Акаевге каршы кылмыш ишин козгоо тууралуу доо арызын кабыл алуудан сот баш тартат.

Мындай мазмундагы жоопту бүгүн Биринчи май райондук соту Турсунбек Акунга кайтарды. Укук коргоочу «соңку 13 жылдан ашуун өлкөнү башкарып турган мезгилде жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы бир катар иштерди жасады» деген айып менен Аскар Акаевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоону өтүнүп, үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында Биринчи май райондук сотуна арыз жолдогон.

Өз арызында Турсунбек Акун «Аскар Акаев буга чейинки президенттик шайлоолордо өлкөнүн башмыйзамын одоно бузуу жолу менен президент болуп кайра шайланган, Үзөнгүкууш жерин мыйзамсыз түрдө Кытайга бердирген, Аксы окуясында алты адамды милиция кызматкерлерине аттырткан, ошондой эле Аскар Акаев соңку жылдары бир катар опозициячыл саясатчылардын жана журналисттердин үстүнөн куугунтукту уюштурууда» деген өз жүйөлөрүн келтирген.

Ушул эле күнү Турсунбек Акун Биринчи май райондук сотунун жогорудагыдай жообуна нааразы экендигин айтып, он күндүн ичинде апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрыла тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG