Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:00

Палестина мамлекетин түзүүгө Британия бардык аракеттерди көрөт


АКШ президенти Жорж Буш жана Британия премьер-министри Тони Блэр Вашингтондо Жакынкы Чыгыш маселесин дагы талкуулады. Блэрдин айтымында, эларалык коомчулук туруктуу Палестина мамлекетин түзүүгө көмөктөшүүгө тийиш:

-Туруктуу Палестина мамлекетин түзүү үчүн саясий жана экономикалык маселелерди чечүү менен кошо коопсуздук инфраструктурасы дагы түзүлүүгө тийиш. Ал максатка жетиш үчүн биз дүйнөлүк коомчулуктун бардык мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланыбыз.

Төрага Ясир Арафат Париж шаарында 11-ноябрда кайтыш болду жана Палестина автономиясынын жаңы жетекчиси эми 9-январга чейин шайланууга тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG