Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Ирактагы аскерлерин Улуу Британия чыгарып кетпейт


Кечээ күнү Вашингтондо АКШ президенти Жорж Буш менен Британия премьер-министри Тони Блэр жолугуп, Ирак маселесин талкуулады. Жолугушуудан кийин Блэр америкалык сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, Ирактагы бардык кыйынчылыктар жакында артта калаарына ал ишенгенин билдирди:

-Террорчулар, козголоңчулар жана Саддам Хусейндин колдоочуларынан кандай каршылык болуп, канча кыйынчылык чыкса дагы биз анын баарынан өтө алабыз деп мен ишенем. Ирак өкмөтү менен кошо көп улуттуу күчтөр ирак элинин басымдуу көпчүлүгү каалаган демократиялык жана стабилдүү мамлекет курат.

Улуу Британия коому ичинде Ирак согушуна каршы маанай күчтүү.

Бирок Блэрдин айтымында, ага карабастан, жиберилген сегиз жарым миң британиялык аскер өлкөдөн чыгарылбайт. 1300 күч кошкон Нидерланд өз аскерлерин келерки март айына чейин чакыртып алат, 2500 аскер жиберген Польша дагы аларды чыгарып кетүү маселесин азыр караштырууда.

XS
SM
MD
LG