Жакында сыналгыдан орусиялык кабарчынын суроосуна жооп берип атып Арафат кебинин акырында ага орусча рахмат айтты:
-И-и, чоң рахмат!
Жакында сыналгы көргөзгөн дагы бир материалда жаш Арафат советтик КГБнын башкы мектебинен, Москва алдындагы чакан калаа Балашихада бир саам окуп да чыгыптыр. Балким ошол кездерде орус тилин үйрөнгөндүр деп айтышат.
40 жылдай "Палестинаны боштондукка чыгаруу кыймылын" башкарган Ясир Арафаттын өмүр жолун орусиялыктар Римдик Папа, Кубанын лидери Кастро, «кайра куруу» атасы Михаил Горбачев, Ливия лидери Муаммар Каддафиге катар коюшат. Баса, Михаил Горбачев бул күндөрү Арафат туурасында мындай деди:
-Аны баштан-аяк терррорчу катары көргөзүп, жалаң эле экстремист кылууга аракет кылышкан. Ал болсо көрөгөчтүк менен иш алып барчу. Ал кармашып аткан тарап менен жарашуу үчүн чындап кадам жасап, алдыда турган маселени жай-баракат чечүүгө аракет жасаган. Бул анын күрөшүү ыкмасы болгон, - деди СССРдин президенти.
Ошол эле учурда Палестинада кийинки он жыл ичинде Арафаттын жасаган иши бир жактуу болгонун, ал жалаң жөөттөр менен күрөшүүгө багытталганын, ошондуктан ал террорчулуктун аки-чүкүсүнө чейинки желесин түзүп чыкканын талдоочу Леонид Радзиховский айтат. Анын акыры Орусияга зыяндуу деп эскертет ал:
-Жанкечтилик адатты, жанкечтиликтин идеологиясы, террорчулуктун идеологиясы ошол жакта пайда болду. Албетте, Орусиядагы эң маанилүү маселе – ал жактагы бул ишти басып, аны жок кылуу. Эмне дегенде, ал жакта терроорчулук уюсы пайда болгон. Ал акыры келип Орусияга да таркайт.
Арафатты бүтүдөй араб дүйнөсү көз кырын салып карап турчу эле. "Анын шарапаты бүтүндөй араб дүйнөсүнө тийчү эле" дейт орусиялык таанымал саясатчы Евгений Примаков Палестин лидеринин ишмердүүлүгүн бийик баалап.
"Ал боштондук үчүн элин үндөөдө диний чакырыкты туу кылчу эмес. Мына ошонусу анын эларалык алакаларга кошкон ири салымы болгон" дейт Примаков:
-Палестиндик кыймылдын диний түскө боёлушуна ал эч убакта жол берген эмес. Ал дайыма аны граждандык түстө - улутчул кыймыл катары сактап келген, - дейт Евгений Примаков
Кызык кеп - советтик жетекчилер кезегинде Ясир Арафатты ал «куфиясын» башынан түшүрбөй чалынып жүргөндүктөн, аны «жолдош, оромол!» деп аташчу экен.