Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

БҮГҮН - ОРОЗО АЙТ


Бүгүн башка көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндөгүдөй эле Кыргызстанда да орозо айт майрамы белгиленүүдө. Таң эртең менен Бишкектин борборундагы парламент имаратынын алдында намаз окулду. Ага Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов, Бишкектин мэри Медетбек Керимкулов жана президенттик администрациянын өкүлдөрү баштаган бир катар саясий жана коомдук ишмерлер, элчилер катышты. Мусулмандар отуз күндүк орозосунун кабыл болушун кудайдан тилешип, билип-билбей жасаган күнөөлөрү үчүн кечирим сурашты. Муратаалы ажынын эсебинде Бишкектеги намазга жыгылгандардын саны бул ирет 60 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG