Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:46

Украинадагы президенттик шайлоонун соңку айлампасына бир апта убакыт калды. Биринчи турдун жыйынтыктары көргөзгөндөй, негизги эки талапкер дээрлик бирдей сандагы добуш чогулта алышкан. Эми россиячыл Виктор Янукович менен батышчыл Виктор Ющенко калган кандидаттардын колдоосун алууга аракеттенишүүдө. Дүйшөмбүдө өтө турган теледебаттар бир чечимге келе элек шайлоочуларга чоң таасир эте турчу фактор катары бааланууда.

Санактардын шаршемби күнү жарыяланган жыйынтыгына ылайык Ющенко добуштардын 39,9 пайызын, Янукович болсо 39,3 пайызын алган.

Мындан улам, көптөрү экинчи турда да талапкерлер ортосундагы ажырым чоң болбойт деп болжолдой башташты. Алардын бири Украинанын азыркы мамлекет башчысы Леонид Кучма:

-Ким жеңет деген суроого, өзүңүздөр түшүнгөндөй, жооп бере албайм. Жеңүүчү Украина болууга тийиш. Азыркы жагдайда талапкерлердин ар бири утуп чыгышы ыктымал деп айта алам. Менимче, добуштардын айырмасы анча чоң болбойт.

Биринчи айлампанын алдында Киевке келип, Януковичтин саясатына колдоо көрсөткөн Владимир Путин өткөн жума күнү дагы бир жолу Украинага келип кетти.

Экинчи турдун алдындагы ар кандай сурамжылоолор болсо кескин айырмаланууда. Мисалы, бир изилдөө Януковичти колдогондордун саны 42 процентти, Ющенкону – 38 процентти түзөөрүн көргөзсө, башкасы Ющенкого калктын 47 проценти артыкчылык берет деген бүтүмгө келет.

Социалисттердин талапкери Олександр Мороз биринчи айлампада добуштардын 6 пайызын алууга жетишкен. Эми социалисттер Ющенкону колдоону чечишти:

-Биз Ющенкону колдогондугубуздун себеби жөнөкөй. Биз эч качан, эч кандай шартта Януковичке жан тарта албайбыз. Биздин партия 1993-жылдан бери оппозицияда болуп келатат. 1999-жылы биз “Украина - Кучмасыз” деген ураан менен чыкканда, өкмөт тарабынан катуу куугунтукталганбыз. Ошол саясаттын мураскерине кантип добуш беребиз, - дейт социалисттердин лидерлеринин бири Йосип Вински.

Партия өз колдоосу үчүн конституциялык реформа жүргүзүү, украиналык аскерлерди Ирактан чыгарып кетүү, зарыл болсо Кучмага иммунитет бербөө жөнүндөгү талаптарын коюуда.

Биринчи турда 1 пайыз добуш жыйнаган башка бир талапкер – Анатолий Кинах дагы Ющенко үчүн добуш берүүгө үгүттөөдө. Ал эми Прогрессивдүү социалисттер партиясынын лидери, алгачкы айлампаны 1 пайыз добуш менен аяктаган Наталия Витренко премьер-министрге колдоо көрсөтүү туралуу жарыялады.

Кээ бир партия, уюмдар болсо 21-ноябрда кимге добуш бериш керек деген маселе боюнча экиге бөлүнүп кетти.

Өлкөдөгү ири партиялардын бири – коммунисттердин добуштары экинчи турда өтө маанилүү болмокчу. Алардын лидери Петро Симоненко кандидаттардын эч кимисин колдобой турганын билдирди. Бирок байкоочулар ал орус коммунисттеринин жетекчиси Зюгановтун айтканын жасашы мүмкүн деп болжолдошууда. Зюганов болсо өткөн аптада боордош өлкөнүн коммунисттерин Януковичке добуш берүүгө үндөдү.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG