Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Президент А. Акаевдин Орусиядагы иш сапары аяктады


БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев баштаган кыргыз делегациясынын Орусияга иш сапары бүгүн аяктады. Бул күнү Москвада Акаевдин катышуусу менен 28 баатыр-панфиловчулардын мемориалдык эстелигинин алдында митинг-реквием өттү.

Сапар учурунда Аскар Акаев Орусиянын президенти Владимир Путин, Санкт-Петербургдун губернатору Валентина Матвиенко, экс-президент Борис Ельцин менен жолукту.

Президент Путин менен жолугушуусунда тараптар Кыргызстандагы Камбар-Ата ГЭСтерин куруу, Канттагы Орусиянын авиабазасындагы шарттарды жакшыртуу, Борбор Азиядагы жана Орусиядагы коопсуздук маселелери боюнча пикир алышышты.

Кыргызстандын президентинин маалымат катчысы бүгүн Санкт-Петербургдан «Азаттыктын» кабарчысына билдиргендей, Аскар Акаевдин бул жолку иш-сапарынын башкы жыйынтыгы - Камбар Ата-1 жана Камабар Ата-2 ГЭСтерин куруу маселесинин чечилгендиги болду.

XS
SM
MD
LG