Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Ысыккөлдө айт намазына жыгылгандардын саны мурдагыдан көп болду


КАРАКОЛ. Облустун казысы, Каракол шаарындагы мусулмандар мечитинин имамы Молдо Шакир Маматовдун айтымында, жыл өткөн сайын орозо туткандардын саны өсүүдө. Момун мусулманчылыктын парздарын аткарууга айрыкча жаштар көбүрөөк дилгир болушууда. Ыйык рамазан айынын акыркы күнү орозо айт намазына жыгылууга келгендер мечитке батпай сыртка чейин чыгышты. Эң кеминде жети миңге жакын адам намазга жыгылышып, айт намазга тиешелүү зыярат иштерин жасашты. Айт намазына облустук, шаардык жетекчилер, укук, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери, студенттер, окуучулар келишти. Алар аруулуктун, кайрымдуулуктун, боорукерликтин үлгүсүн далилдөөчү шарият жолдору боюнча хадистерди угушту.

XS
SM
MD
LG