Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Нарын шаарында айт намаз окулду


НАРЫН. Быйылкы жылдагы орозо айт намазы Нарын шаарында тарыхый алкакка эгедерленди десек болот. Тарыхый дегенибиз, айт намаз алгачкы ирет шаардын борбордук Эркиндик аянтында өткөрүлдү. Эртең мененки саат 7 ден 40 мүнөт өткөндө эле намаз окуганга келе баштаган мусулмандарга ыйык орозо айынын жол-жоболору түшүндүрүлө баштап, каалоо- тилектерге кезек берилди. Ырасмий бийлик жетекчилерден шаардын акими Бейшеналы Боогачиев, Египеттен келген араб тили боюнча окутуучу Мехир Рамадан, Түркиядан келген мударис Али Кааджа, жергиликтүү улуу муундун өкүлдөрү куттуктоо сөз сүйлөштү. Айт намазга эки жарым миңдин айланасында адам катышса, алардын дээрлик 70 пайызына жакынын мектеп окуучулары, жаштар түздү.

XS
SM
MD
LG