Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:11

ОРУС-ГРУЗИН МАМИЛЕСИ АБХАЗИЯДАН УЛАМ САЛКЫНДООДО


Муса Мураталиев, Москва Абхазияда президенттик орунду талашып аткандардын бири – Сергей Багапштын жактоочулары бейшемби күнү жумурияттын администрациялык имаратын күч менен басып алышты. Имаратты алып атканда ок жаңылып окумуштуу Тамара Шакрыл мерт болгон. Андан башка дагы үч киши жаракат алышкан. Багапшанын каршысында турган тараптагылар муну мамлекеттик төңкөрүш деп баалашты. Абхазиядан улам он жылга чукул убакыттан бери татаалдашып келаткан Орусия менен Грузиянын ортосундагы мамиле ушул окуядан кийин ого бетер салкындагандай болду.

Мамлекеттүүлүгүн эч бир өлкө тааныбаган Абхазияда жакында президенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы жумуриятта ички саясий кризис жаратты. Ал кезде бийликте туруп шайлоого катышып аткан талапкер Хажимбаны Москва колдоого алды эле. Ал экинин бири болуп марага келген.

Шайлоо комиссиясы болсо анын атаандашы - Багапш жеңишке жетти деп жыйынтык чыгарган. Эки жаат болуп тирешүү ошондон бери уланууда.

Аларды орус бийлиги Москвага чакырып алып, кайра жарышка түшкүлө деп кеңеш беришкен. Бирок Сухумиге кайра барганда Сергей Багапш андай кеңешти четке каккан. Ал 10-ноябрда Грузиялык сыналгыга берген интервьюсунда мындай деди:

-Мыйзамга ылайык эл шайлаган президенттин кызматка киришүү каадасы 6-декабрда өтүшү керек. Биз башкаларга ал жагабы же жакпайбы - аны өткөрөбүз.

Бейшембиде Багапш үчүн добуш бергендер дүргүп кирип Сухумидеги өкмөт үйүн басып алышты. Автоматтан ок атылып, бийлик тараптык болуп талам талашкан окумуштуу Тамара Шакрылга ок жаңылып, кийин ал ооруканада эсине келалбай жатып көз жумган. Жарадар болушкандар да бар дешет.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү тараткан ырасмий билдирүүдө мындай делип айтылат: “Абхазиядагы жагдай мындан ары да ырбай турган болсо анда Орусия тышкы саясий кызыкчылыгын коргоо максатында ага кийлигишүүгө туура келет”.

Грузиянын өкмөт башчысы Нино Буржанадзенин айтканына караганда орусия бийлиги бул маселеде “бери карап бирди айтып, ары карап бирди айтуу” ыкмасын пайдаланууда:

-Биздин жерибиздин бир бүтүндүгүн (Орусия тарап) сыйлай тургандыгын көп эле айтат, бирок иш жүзүнө келгенде, биз анын башкача экенин көрүп атабыз.

Андан сырткары, ырасмий Тбилиси ишемби күнү дүйнөлүк коомчулукка кайрылып, Орусия биздин ички ишибизге кийлигишип атат, андан Грузиянын суверендүүлүгүн коргоп бергиле деген суранычын таркатты.

Ишемби күнү “Вести” сыналгысына берген жообунда президенттик орунду талашып аткан экинчи, орусиячыл талапкер Рауль Хажимба дагы эле эпке келбей тургандыгын билдирди:

-Тигил тараптагылардын да, бул тараптагылардын да “жетишет” деп айтканга дармандары келсе экен дейм.

Каратылып алынган өкмөт үйүнө келсек, ал мурдагысындай эле экен. Кире беришин милиция тосот экен. Бирок имаратка чукул жерлерди Багапшанын кишилери көзөмөлдөп жатат дешет. Ошол эле учурда таанылбаган жумурияттын премьер-министри Нодар Хашба бийлик дале мурдагылардын колунда экенин белгилейт:

-Министрлердин өз кенселеринен куулуп чыгышы менен эле бийлик такыр жоюлуп калды деш туура эмес. Коргоо министрлиги иштеп атат. Аскерлер согуштук даярдыкка келтирилген, бирок кызмат өтөгөн жерлеринде.
XS
SM
MD
LG