Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:17

Пакистандын Түштүк Вазирстан чөлкөмү жыл соңуна чейин согушкерлерден толук тазаланат


Бул тууралу бүгүн Пакистан армиясынын ушул чөлкөмдө аракеттенген аскерлеринин командачысы, генерал Нияз Хаттак билдирди. Анын айтымында, азыр аскерлер Түштүк Вазирстандын төрттөн үч бөлүгүн көзөмөлдөөдө:

-Биз Түштүк Вазирстанда чоң ийгиликке жетиштик. Согушкерлерди олуттуу жоготууга учураттык, алардын негизги базаларына сокку уруп, духун түшүрдүк. Адамдарды кайтып келип өз жерин согушкерлерден коргоосуна акырындык менен ынандырып жатабыз.

Генерал Нияз Хаттактын айтымында, азыр каршылык көргөзгөндөр Түштүк Вазирстандын чыгыш тарабында бар. Пакистандын уруулар жашаган, Ооганстан менен чектеш бул чөлкөмү 2001-жылы Талибан режими кулагандан кийин, жүздөгөн ооган, араб жана Борбор Азиялык согушкерлер башпаанектеп келген жер катары саналат. Пакстан тараптын эсебинде, март айында чабуул башталгандан бери Түштүк Вазирстанда 300дөй согушкер жок кылынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG