Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:51

CПИД ООРУСУНА КАРШЫ ЧОГУУ КҮРӨШӨБҮЗ


15-ноябрь күнү Бишкектеги «Достук» мейманканасында «Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттүк эмес уюмдарынын аймактык демилгеси» деп аталган эки күндүк эл аралык конференция башталды. Ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн СПИД оорусуна каршы иш алып барган өкмөттүк эмес уюмдарынын, эла аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатышат.

Конференциянын негизги максаты-жыл сайын кулачын жайып, Борбор Азия өлкөлөрүн да каптап бараткан СПИД оорусуна каршы биргелешип күрөшүүнү камсыздоо болуп саналат. Анткени маданияты жалпы, бири-бири менен аягы жок миграциялык агымдар жана чиеленишкен наркожолдор аркылуу байланышкан беш өлкөнүн баңгилик жана СПИД сыяктуу көйгөйлөрү да бири-бири менен байланыштуу. Кыргызстандагы «СПИДге каршы» иш алып барган өкмөттүк эмес уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Гүлнара Курманованын айтымында, мындай демилгени көтөрүүгө да ушул жагдай түрткү болгон:

- Учурда биргелешип иш алып баруу демилгеси тууралуу гана сөз болуп жатат. Коңшу өлкөлөргө мунун кереги барбы же жокпу? Катышуучулар ушуга жооп берүүлөрү керек. Эгер алар «керек» деп жооп беришсе, андан ары өнүгүү болот. Анткени Борбордук азия өлкөлөрүнүн атуулу болгондон кийин, кааласак-каалабасак баарыбыз бири-бирибизге көз карандыбыз. Ошондуктан биздин демилге колдоо тапса-таппаса, башка кандай кыймыл болсо да колдоо көрсөтүүгө жана өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүздү сунуш кылууга даярбыз.


Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар өкмөттүк эмес уюмдардын СПИДге каршы жүргүзгөн иштери жана алардын натыйжалары тууралуу айтышып, ошондой эле жалпы борбор Азияга тиешелүү көйгөйлөр боюнча ойлорун ортого салышты. «Казак коомчулугу СПИДге каршы» өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Рысалды Демеуеванын айтуусунда борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде СПИД оорулуулардын жана ВИЧ вирусун жугузуп алгандардын саны боюнча Казакстан биринчи орунда турат:

- Азыр биздин өлкөдө ВИЧ инфекциясын жугузуп алгандардын саны 4,500 ден ашуун. Ал эми СПИД оорусу менен ооругандар 200 гө жетти. Бул расмий катталгандары. Тилекке каршы, бул көрсөткүчтөр менен Казакстан борбордук Азияда алдыңкы орунда турат. Алардын көпчүлүгү баңгизаттарын сайынуу учурунда жугузуп алгандар болчу, бирок акыркы эки жыл ичинде жыныстык катнаш аркылуу жуктуруп алгандардын да саны өсүп баратат

Ал эми СПИД маселеси эң аз тынчсыздандырган өлкө-Түркмөнстан болуп саналат. Ашхабаддагы СПИД борборунун координатору Тачнабат Аннамурадованын айтымында учурда Түркмөнстанда ВИЧ инфекциясын жугузуп алышкан эки гана киши расмий катталган:

- 1998-жылдан бери ВИЧ инфекциясын жугузуп алышкан эки гана киши расмий катталган эле, анын бири өткөн жылы өлдү. Азыр бизде бир гана ВИЧ инфекциясын жугузган киши бар. Ал эми расмий эмес маалыматтар менде жок. Бирок баңгизаттарын сайынгандардын жана секс кызматкерлеринин көбөйүшү бизди кооптондурбай койбойт.

Конференцияга эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышышты. СПИДге каршы бардык демилгелерди каржылап келаткан Дүйнөлүк банк Борбор азия өлкөлөрүнүн өкмөттүк эмес уюмдары тарабынан көтөрүлүп жаткан демилгени колдоо үчүн 26 млн АКШ долларын бөлүүгө даяр. Ал эми Улуу Британия мамлекетинин тышкы иштер министрлигинин алдында түзүлгөн эл аралык өнүгүү агенттиги адамзатка коркунуч келтирип жаткан СПИД оорусунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү үчүн 15 млн долларга чейин каражат бере алары тууралуу аталган агенттиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Жейсон Лейл айтты:

- Биз Кыргызстан менен жыл сайын СПИДге жана баңгиликке каршы күрөшүү үчүн эки тараптуу программа түзөбүз. Жана ал программанын алкагында жылына 8 млн доллар беребиз. Эгерде бул демилге ишке ашып кетсе каражат мүмкүнчүлүгүн 15 млн долларга чейин көтөрүүгө аракет кылабыз.

Конференция ишин эртең да улантат. Анда катышуучулар биргелешип иш алып баруу канчалык деңгээлде пайдалуу жана алгылыктуу болору тууралуу талкууларды жүргүзүшүп, аймактык өнүгүү пландарын иштеп чыгышмакчы.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG