Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:29

Жаңы медресенин ачылыш аземи өткөрүлдү


ОШ. Ош обласынын Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айлында жаңы медресинин ачылыш аземи болуп өттү. Жаңыдан курулган медресенин курулушу эки жүзгө жакын уландарды жана кыздарды ислам илимине окутууга ылайыкташкан. Медресенин жанында диний илимин үйрөнүүчүлөр үчүн мечиттин жанында жатакананын курулушу кошо бүткөрүлгөн. Окуу жайынын жетекчиси Абдрахман ажы Кудайбердиев «медресе ушул март айынан баштап окуучуларды кабыл ала баштайт» деп билдирди. Медреседе уландарды гана эмес кыз балдардын да кеңири билим алуусуна атайын шарттар түзүлгөн. Медресе мечит комплекси Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын демилгеси жана Кувейт өкмөтүнүн демөөрчүлүгүнүн негизинде бүткөрүлгөн. Курулуштун жалпы долбоордук чыгымы 10 млн. сомду түзөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG