Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

Камбарата-1 жана Камбарата-2 ГЭСтерине Орусиядан тетиктер келет


БИШКЕК. Кыргызстан Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтеринин курулушу үчүн Орусиядагы ишканалардан 1миллиард доллар каражатка тетиктерди сатып алат. Мындай маалыматты РИА «Новости» агенттиги президент Аскар Акаев менен Санкт-Петербург губернатору Валентина Матвиенконун жолугушуусуна шилтеме берип таратты. Президент Аскар Акаевдин айтымында, долбоорго 1,5 миллиард доллар талап кылынат жана курулуш бүтсө ГЭСтер бүтүндөй Борбор Азияга кызмат кылат, ал эми ишканалардын курулушу келерки жылы башталат.
Бул эки ишкананы куруу боюнча кызматташтык тууралуу меморандумга Кыргыз өкмөтү менен РАО ЕЭС ишканасынын жетекчилиги ушул жайда Бишкекте кол коюшкан. Бул ирет президенттин маалымат кызматы Аскар Акаевдин Орусияга сапарынын башкы ийгилиги катары Камбарата 1 жана 2 ГЭСтеринин курулушуна байланыштуу жетишилген макулдашууларды атады. Президент Акаев Орусияга сапардан жекшемби күнү кечинде кайтып келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG