Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:11

СПИДке каршы күрөшүүгө арналган эл аралык конференция башталды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Борбор Азия аймагында СПИД илдетине биргелешип күрөшүү боюнча эки күнгө созулган эл аралык конференция башталды. Ага Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнөн жана Дүйнөлүк банк, глабалдык өнүктүрүү фонду, USAID, Сорос фонду жана башка эл аралык каржы уюмдардан өкүлдөр катышышты. Жыйындын катышуучулары соңку мезгилдери Борбор Азия аймагында СПИД илдетине чалдыккандардын саны көбөйүп бараткандыгын айтышып, ага каршы биргелешип күрөшүү зарылчылыгын белгилешти. Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Джейсон Лейндин айтымында, эл аралык уюмдар тарабынан Кыргызстандагы СПИД илдетине жана коррупцияга каршы күрөшүү үчүн келечекте 8 миллион доллар бөлүү пландаштырылууда. Кыргызстандагы СПИД илдетине каршы күрөшүү бирикмесинин маалыматына караганда, 2004-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жугузуп алган 610 ал эми СПИД илдетине чалдыккан 27 адам катталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG