Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

АКШга кеткен саясатчылар кайтып келишти


БИШКЕК. АКШ мамлекеттик департаментинин «Эл аралык визиттер» программасына Кошмо штаттарына кеткен кыргызстандык үч саясатчы: «Асаба» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров, «КДК» партиясынын жетекчилеринин бири Жыпар Жекшеев жана «Алга, Кыргызстан» партиясынын жетекчилеринин бири Болотбек Бегалиев АКШ нан жекшембиде кайтып келишти. Алар АКШнын президентин шайлоо өнөктүгүнө байкоочу катары катышышты. Мындан тышкары АКШ конгрессинин, юстиция министрлигинин, республикачылар жана демократтар партияларынын таасирдүү өкүлдөрү менен жолугушту. Саясатчыларды ошондой эле Мамлекеттик катчынын Евразия жана Европа боюнча орун басарынын жардамчысы Лора Кеннеди да кабыл алды.
Жолугушууларда тараптарды Кыргызстандагы саясий-экономикалык өзгөрүүлөр, келерки парламенттик жана президенттик шайлоого камылгалар кызыктырды жана бийликтин мыйзамдуу алмашышын жактаарын билдиришти. Бул тууралуу бүгүн «КДК» партиясынын лидерлеринин бири Жыпар Жекшеев маалымдады. Кыргызстандык саясатчылар Кошмо штаттарга 22-октябрда сапар алышкан.

XS
SM
MD
LG