Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Аскар Акаевди кызматтан кетирүү боюнча кол чогултуу уланууда


БИШКЕК. Учурда Бишкекте мамлекет башчы Аскар Акаевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүүнү каалаган атуулдардын колун топтоо улантылууда. Бүгүн мындай иш чара Бишкектеги эл көп топтолгон үч жерде, тагыраак айтканда «Айчүрөк» дүр-дүнүйө дүкөнүнө жакын жердеги автобус токтоочу жерде, Дордой жана Ош базарларында уюштурулду. Акцияны уюштуруучулардын айтымында, соңку бир аптадан бери беш миңден ашуун адамдын колу топтолду. Мындай иш чара Турсунбек Акун, Нурлан Мотуев жетектеген «Кыргызстан элдик-патриоттук кыймылы» жана Назарбек Нышанов башында турган «Патриоттор партиясы» тарабынан уюштурулууда. Алардын айтымында эки саатын аралыгында «Айчүрөк» дүр-дүнүйө дүкөнүнө жакын жерде эле тогуз жүз сексен адамдын колу топтолду. «Мындай иш чараны эртең да улантабыз» деп маалымдашты» акциянын уюштуруучулары.

XS
SM
MD
LG