Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

ЛОРА КЕННЕДИ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ


15-ноябрда иш сапары менен Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчы орунбасарынын жардамчысы Лора Кеннеди айым Кыргызстанга келди. Ушул эле күнү ал Кыргызстандын президенти, башка расмий өкүлдөр менен жолугушту. Лора Кеннеди айымдын расмий өкүлдөр менен жолугушууда кандай маселелерди талкууга алганы кыскача маалымдалганы болбосо иш сапардын максаты так айтылган жок.

Лора Кеннединин президент А.Акаев, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушуусунда негизинен эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелер, эларалык террорчулукка каршы күрөшүү маселелери талкууланганы кыскача маалымдалды. Расмий сүйлөшүүлөрдөн соң Лора Кеннеди жалгыз «Общественный рейтинг» гезити үчүн кыскача маек куруп берүүгө макул болгонун АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Кошмо Штаттардын бейтарап Түркмөнстандагы мурдагы элчисинин ортодо болгон кеп-сөздү антип шардана кылбай атышынын артында кандай купуя сыр катылып атканы ошентип табышмак бойдон калды. Кыйла жыл жооптуу дипломатиялык кызматтарда иштеген, коммунисттик империя урагандан кийин эгемендикке жетишкен Армения менен Түркмөнстанда элчиликти башкарып келген илимпоз, тажрыйбалуу дипломаттын Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоодон кийин апыл-тапыл Кыргызстанга келишинин максаты эмнеде?

Мындан жети жыл илгери Лора Кеннеди айым швециялык «Борбор Азия жана Кавказ» журналына маек куруп, анда Кошмо Штаттардын Борбор Азиядагы саясаты үлкөн үч максатты аркалай турганын билдирген. Анын биринчиси - бу чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн өз алдынчалыгы менен эгемендигин ар тараптан колдоо. Экинчиси, бу жерлерде демократиялык реформаларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү. Үчүнчүсү, өз алдынчалыкка жетишип аткан өлкөлөргө берилчү экономикалык жардам.

Лора Кеннеди айым менен А.Акаевдин жолугушуусунда кандай маселе козголгонун президенттик акимчилик жетекчисинин тышкы байланыштар маселелери боюнча орунбасары Аликбек Жекшенкулов айтып берди:

- Ооганстандагы, Ирактагы кырдаал боюнча пикир алмашышты. Ооганстанда, Иракта тезирээк тынччылык болсун, ага Кыргызстан да өз салымын кошуун жөнүндө Кыргызстан да ойлонушу керек деген бир пикирге келишти. Чөлкөмдөгү процесстер, Кытай, Орусия менен Кыргызстандын мамилеси тууралуу Аскар Акаевич айтып берди, - деп айтты Аликбек Жекшенкулов.

Анын маалымдашынча, чөлкөм коопсуздугу, Орусия жана Кытай менен болгон мамилелерден тышкары Кыргызстандын ички саясий турмушундагы талылуу маселе – алдыдагы парламенттик, президенттик шайлоо проблемасы козголгон.

- 2005-жылдагы парламенттик, президенттик шайлоо демократиялык негизде өтүү керек деген пикир алмашуу болуп, жакшы сөз жүрдү. Лора кеннеди айым биздин чөлкөмдү жакшы билет. Кыргызстан Борбор Азияда үлгү көрсөткөн мамлекет деп абдан жогору баа берди, - дейт Аликбек Жекшенкулов.

Айтса, расмий бийликтин чакыруусу менен Кошмо Штаттарда бир айга чукул өлкөнүн саясий турмушу менен таанышуу максатында болушкан Кыргызстандын үч саясий партия жетекчилери АКШ Мамлекеттик катчы жардамчысынын орунбасары Лора Кеннеди айым менен жолугушкан. Аны Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясын негиздөөчүлөрдүн бири Жыпар Жекшеев мындайча баяндайт:

- Азыркы президент убадасын берди эле. Конституцияны сыйлап дагы бийлигин узартуу аракетине барбайм деп айтты эле. Силер кандай ойлойсуңар, деп бизге суроо берди. Биз айттык, андай убадасын билебиз. Андай убаданы берип келатат. Бирок, убадасын дайым эле аткара бербейт. Ушул жолу үмүтүбүз бар. Убадасын аткарар деген үмүттөбүз, деп айттык, - дейт Жыпар Жекшеев.

Жана сөз башында айтылган швециялык журналда жарыяланган маегинде Лора Кеннеди айым Борбор Азия мамлекет жеткечилери менен жолугушуп туруу пайдалуу экенин, анда адам укугунун сакталышы боюнча Кошмо Штаттар өкмөтүнүн камтама болгонун кездешкен сайын айтып туруу мүмкүнчүлүгү түзүлөрүн белгилеген. «Бул өлкөлөрдү баарынан четтетип коюу адам укугун сактоо боюнча биздин саясатыбыздын ишке ашышына жетишүүгө тоскоол болгондон башкага жарабайт» дейт Лора Кеннеди. Бул жаатта коңшу өлкөлөргө үлгү деп сыпатталган Кыргызстанда деле толгон-токой проблемалар бар.

XS
SM
MD
LG