Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:06

Сербия өлкө түштүгүндөгү Косового күнкорсуздук берүүгө каршы


“Ырасмий Белград Косово провинциясына күнкорсуздук берүү идеясын жактабайт”, - деп билдирди Сербиянын президенти Борис Тадич бүгүн Москвада Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен болгон кездешүүдө.
Тадичтин айтымында, күнкорсуз Косово “бүтүндөй Европанын коопсуздугуна коркунуч туудурат” жана Москва Сербиянын провинциядагы кызыкчылыгын колдойт деген үмүттө Белград.
Лавров сербиялык конок менен болгон жолугушуудан кийин:

– Коопсуздук Кеңеши Косовонун керб калкынын жана башка албан эмес элдеринин кызыкчылыгын толук чагылдырган чечим кабыл алуусу үчүн, эки жак Россия курамындагы Косово боюнча байланыш тобунун ишмердүүлүгү абдан маанилүү деп эсептейт.

Косово байланыш тобуна Россияга катар Британия, Франция, Германия, италия жана АКШ мүчө.

Сербиянын маданият жана маалымат министри Драган Койадинович Москвада болгон башка бир кездешүүдө Косово согушу маалында провинциядан чыгып кеткен 250 миң чамалуу сербдин Косового кайтарылышы зарыл деди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG