Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Иран 22-ноябрда уранды байытууну токтотот


Иран жана Бритния, Франция, Германия арасында кол коюлган келишимге ылайык, ырасмий Тегеран уранды байытууну 22-ноябрдан тартып токтотот. Бу билдирүүнү Ирандын улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилеринин бири Хасан Рухани жасады. Бүгүн эртең менен Тышкы иштер министринин өкүлү Хамид Реза береги келишим убактылуу жана өлкө ыктыярындагы иш деп билдирген эле.

Ирандын ырасташынча, анын ядролук программасы тынчтык максатын гана көздөйт. Бирок, АКШ өкмөтү Иранды атомдук куралдын үстүнөн иштөөдө деп, БУУнун Коопсуздук Кеңешин Иракка каршы санкция колдонушу мүмкүн экенин эскертип койууга үндөп келет.

Иран өзүндө бар өзөктүк материалдар жана аларга байланыштуу иштер боюнча толук маалымат бербегендиктен, өлкөдө жашыруун ядролук иштер жүргүзүлбөйт деп айтуу мүмкүн эмес. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик бүгүн жарыялаган билдирүүдө ушундай деп айтылат.

XS
SM
MD
LG