Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Ирактын ар кайсы бөлүктөрүндө согуш жүрүүдө


Фаллужа шаарын абадан жана жерден бомбалоо уланууда. Америкалык аскерлердин айтышынча, учактар Фаллужанын түштүк бөлүгүндөгү жер астындагы жолдорду жана курал сатклчу жайларга да бомба урушууда. Адаватчылардын курчоодогу топторун жок кылып, шаарды толук контролдукка алуу үчүн, АКШлык аскерий жетекчиликтин айтымында, кеминде дагы төрт күн керек.

Фаллужа үчүн өткөн бир жума ичинде болгон салгылашууда 1200дөй козголоңчу катардан чыгарылып, америкалык 38 жана ирактык 6 жоокер курман болгону кабарланууда.

АКШлык учактар Багдаддын түндүк чыгышындагы Бакуба шаарындагы адаватчылардын өңүттөрүнө 225 килолук эки бомба таштады.
Америкалык жана ирактык күчтөр Бакубадагы полицияканага кол салган эрегишчилер менен согушууда.
АКШлык аскерлер Бакубада бери дегенде 20 козголоңчу жок кылынганын билдирди. Бул кабарды көз карандысыз булактар тастыкташа элек.

Бүгүн эртең менен Ирак полициясы Бакубанын жаамы мечитине жашырынып алган козголоңчуларга чабуул жасады.
Куралчан топ Бакубага коңшулаш Бухриз шаарындагы полицияканаларга да чабуул коюшту деп айтылууда.

Батыштагы Рамади жана түндүктөгү Мосул шаарында да эрегишчилер менен АКШлык аскерлер ортосунда катуу согуш болууда.

Кечээ күнү адватчылар түндүктөгү Мосул шаарында эки полициякананы басып алышып, Ирак өкмөтү шаарга кошумча аскер жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG