Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Иракта америкалык согуштук учактар Фаллужа шаарындагы шектүү жайларды бомбалоону улантты


Ал эми жөө аскерлер шаардын түштүгүн үймө-үй тинтишти. Бир аптадан бери шаарда 1200дөй куралчан, 39 америкалык жана алты ирактык аскер курман болду. Ирактын убактылуу өкмөт башчысы Аяд Аллави Фаллужада каршылык көрсөткөн исламдык топ жок кылынды деп ырастады.

Анын аралыгында Фаллужадагы карапайым тургундардын тагдырына болгон тынчсыздануу күч алууда. Америкалык аскерлер кечээ Кызыл Жарым Айдын гумжардамын шаарга киргизүүдөн баш тартты. Бул күнү ошондой эле Багдаддан түштүктөгү Бакуба шаарында жана ага коңшулаш Бухризде америкалык аскерлер менен куралчандардын ортосунда айыгышкан согуш жүрдү. Ал эми түндүктө Киркук шаарын Түркиянын Жейхан порту менен бириктирген мунай ташуучу жолдо жардыруу жасалды.

XS
SM
MD
LG