Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:22

Ирандын ядролук программасы боюнча шектенүү дале сакталууда


Бириккен Улуттардын Эл аралык Атомдук Энергетика агенттигинин маалымат катчысы Марк Гвоздецкий Азаттыкка буларды билдирди:

- Биз Иранда жарыяланбаган ядролук материалдар же ядролук иш-аракеттер бар-жок экенин айта албайбыз. Муну аныкташ үчүн дагы убакыт керек.

Агенттиктин директорлор кеңеши 25-ноябрда Ирандын ядролук иш-аракеттерин талкуулайт.

Вашингтондо АКШнын Мамкатчысы Колин Пауэл Ирандын Европа Биримдиги менен жетишкен уранды байытууну убактылуу токтотуу жөнүндөгү келишимин "болоор-болбос жылыш" деп мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG