Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

17-ноябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Өлкөдөгү гидрометеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 17-ноябрда Кыргызстандын кээ бир аймактарында жамгыр жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС облусунда түнкүсүн -2 градус сууктан +3 градуска жылуу, күндүз +6…+11 градус.
Республиканын ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН аймактарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13 градус жылуу болот.
Ал эми ЫСЫККӨЛ дубанында түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска жылуу, күндүз +5…+10 градус.
НАРЫНДА түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз +2…+7 градус жылуу.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн +1…+4, күндүз +8 ден…+13 градуска чейин жылыйт.
Борборубуз БИШКЕКТЕ ала булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +10…+12 градус жылуу болушу күтүлөт.


Жаңылыктар топтомун Бурулкан Сарыгулова менен Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды.

XS
SM
MD
LG