Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Областтык мериянын имааратынын алдында нааразылык акциясы өткөрүлдү


ЖАЛАЛАБАД. Областтык мериянын имааратынын алдында соттордун туура эмес чечимдерине нааразы болгон 25 атуул чыгышты. Алар президент Аскар Акаев менен Конституциялык жана Жогорку соттордун, Башкы прокуратуранын, облустун жетекчилеринин көңүлүн бурууну көздөп жаткандыгын айтышты. Нааразылык акциясынын катышуучулары Сузак райондук сотунун төрагасы Сатыбалды Ташбаев менен судьясы Жаныбек Бекназаров кызматтан кетирүүнү жана аларга каршы кылмыш иши ачууну талап кылышты. Пикетчилер менен облус губернатору Жусупбек Шарипов жана облус прокурору Кубатбек Кожоналиев сүйлөшүп, алардын талабын жогорку бийлик ээлерине билдирүүгө убада беришти. Облус башчысынын сөзүнө ишенген пикетчилер саат он бир жарымда таркап кетишти. Адам укугун коргоо комитетинин облустагы координатору Молдосалы Ибраимов пикет максатына жетмей сайын улантыла берерин билдирди.

XS
SM
MD
LG