Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:48

Салык кодексинин жаңы редакциясы 2005-жылы кабыл алынат


БИШКЕК. Кыргызстанда салык кодексинин жаңы редакциясы 2005-жылы февраль айнда шайлана турган Кыргызстандын бир палаталуу парламенти тарабынан кабыл алынат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында Каржы министринин орун басары Мурат Исмаилов журналистерге билдирди. Анын айтымына караганда, учурда жаңы салык кодексинин редакциясынын долбоорунун үстүндө талкуу улантылууда. «Салык кодекси боюнча учурда эл аралык каржы уюмдардан, тиешелүү бийлик өкүлдөрүнөн, депутаттардан бир жарым миңге жакын сунуш, пикирлер келип түштү. Ал эми салыктардын өлчөмүн төмөндөтүү сыктуу талаштуу маселелер үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Бишкекте өткөрүлө турган Улуттук форумда талкууланат» деп маалымдады Мурат Исмаилов.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG