Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:33

Бишкекте маалымат технологияларына арналган конференция башталды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте коомду маалымат менен камсыздоо жана маалымат-байланыш технологиялары боюнча аймактык кызматташтыкка арналган эки күндүк эл аралык конференция ишин баштады. Бул конференция Бириккен Улуттар Уюмунун былтыркы Женева жолугушуусундагы маалыматтуу коом куруу боюнча аракет планын жана декларациясын ишке ашыруу максатын көздөйт. Конференцияда өнүккөн жана өнүгүү жолундагы өлкөлөр ортосунда маалымат технологияларын өнүктүрүү жаатында өз ара алакаларды күчөтүү өзөктүү маселелердин бири катары талкууланууда. Иштин соңунда конференция келерки жылы ноябрда Туннисте өтөөрү күтүлүп жаткан маалыматтуу коом боюнча бийик деңгээлдеги саммитке өз сунуштарын жолдойт. Бул иш чарага региондогу Орусия, Кытай баш болгон мамлекеттердин байланыш тармак жетекчилери, Бириккен Улуттар уюму баштаган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG