Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизилди


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны Кыргызстандын Шайлоо кодексине кошумча өзгөртүү, кошмчаларды киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Ага ылайык шайлоо кодексиндеги жергиликтүү шайлоо комиссияларынын курамын жана шайлоочулардын тизмесин тактоо жана шайлоого катышкан талапкерлердин фондунун ачыктыгы тууралуу беренелерге толуктоолор киргизилди. Тагыраак айтканда, буга чейин шайлоочулардын тизмеси шайлоо комиссия мүчөлөрүнө шайлоо өткөрүлө турган күнгө чейин 25 күн калганда берилсе, жаңы өзгөртүүгө ылайык эми анын мөөнөтү 45 күнгө чейин узартылды. Ошондой эле ар бир талапкерге өзүнүн атаандашынын шайлоо фондунда канча каражат бар экендигин жана анын кандайча пайдаланылып жаткандыгын териштирүүгө укук берилди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG