Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Конституциялык сот жарандык коомдун кайрылуусун кароодон баш тартты


БИШКЕК. Конституциялык сот «Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын» «Шайлоо кодексин өзгөртүү жана толуктоо жөнүндөгү» мыйзамдын укуктук жагын териштирип берүү тууралуу өтүнүчүн кароодон баш тартты. Бул тууралуу бүгүн Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыпов билдирди. Судьянын мындай аныктама беришине кайрылууда эрежелердин так сакталбагандыгы себеп болгон.
«Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын» төрайымы Токтайым Үмөталиева аталган мыйзамдагы добуш берүүгө чейин ар бир шайлоочунун бармагына көзгө көрүнбөгөн суюктук менен белги коюу тууралуу жобону «мыйзамсыз» деп эсептеп, мындай мыйзамды жокко чыгаруу өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылган. Аталган мыйзам депутат Өмүрбек Текебаевдин демилгеси менен даярдалып, парламентте кабыл алынган жана мыйзамга президент Аскар Акаев 26-октябрда кол койгон.

XS
SM
MD
LG