Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Аскар Акаевди кызматтан кетирүү талабы менен нааразылык акциясы өткөрүлөт


БИШКЕК. Эртең Акүйдүн алдында Аскар Акаевди кызматтан кетирүүнү талап кылган нааразылык акциясы өткөрүлөт. Мындай иш чара «Кыргызстан Элдик патриоттук кыймылы» тарабынан уюштурулууда. Аталган кыймылдын жетекчиси Турсунбек Акундун айтымында, мындай акцияга өлкөдөгү саясий партия, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. «Кыргызстан элдик патриоттук кыймылынын» мүчөлөрү «мамлекет башчы Аскар Акаев өлкөнү башкарып турган мезгилде кыргыздын 130 миң гектар жерин кытайга бердирип, эң кирешелүү тармактарды мыйзамсыз менчиктештирип, Аксы окуясында алты атуулду аттыртты» деген айып менен үстүбүздөгү жылдын биринчи ноябрынан бери Бишкекте мамлекет башчы Аскар Акаевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүүнү кааалаган атуулдардын колун топтошууда. Мындай иш чара шейшемби күнү Бишкектеги Дордой жана Ош базарларында уюштурулду. «Баш аягы алты миңдей адамдын колу топтолду» деп маалымдашты акциянын уюштуруучулары бүгүн «Азаттыкка».

XS
SM
MD
LG