Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:11
БИШКЕК. Улуттук Банк саясий күрөштүн майданы боло албайт жана ага жол берилбейт. Ушундай билдирүү менен чыккан Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбанов бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын токтомуна каршы пикирин билдирди. Эл өкүлдөр жыйыны «Жибек жолу» акционердик коому, Европа өнүгүү жана реконструкциялоо, кызматташтыктын жана өнүгүүнүн Борбор Азия банктары аркылуу келген кредиттерди пайдалануу боюнча тармактар аралык комиссиянын маалыматы тууралуу» токтомду 3-ноябрда кабыл алган. Токтомдо Улуттук Банктын төрагасынын ээлеген кызматына дал келер-келбесин аныктоо каралган. Ошондой эле инвестиция боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Аскар Сарыгулов, Улуттук Банктын мурдагы төрагасы Кемелбек Нанаев өңдүү кызматкерлерди жоопко тартуу маселеси каралган. Улан Сарбановдун пикирине караганда, Коммерциялык «Ысыккөл» банкынын төрагасы Болот Байкожоев жетектеген комиссиянын узак мөөнөттүү текшерүүсү атайын алдын ала ойлонулган, тыянагы негизсиз жана жаңы токтомдо мурдагы токтомдорго кайчы келген жоболор бар. Билдирүүдө белгиленгенге караганда, аталган маселе боюнча 2000-2004-жылдар аралыгында 20 жолу текшерүү болгон жана Улуттук Банк ишти мыйзам чегинде жүргүзгөн. Ал эми Жогорку Кеңеш бул маселе боюнча 9 жолу токтом кабыл алып, бирок, тыянак чыгара элек. Жалпы чыгым 1 млрд. 600 млн. сом экендиги айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG