Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

ПАРЛАМЕНТ ШАЙЛОО КОДЕКСИНЕ ЖАҢЫ ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗДИ


Шейшембиде Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Шайлоо Кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу бир нече мыйзам кабыл алды. Анын натыйжасында добуш берүү маалында жасалмалоо, бурмалоого бөгөт болчу бир катар жоболор пайда болду.

Мыйзам чыгаруу жыйыны бул күнү жума күнкү чечимге ылайык шайлоого байланыштуу, бирок талаш-тартыш жаратпай турган мыйзам долбоорлорун карап,кабыл алды. Алардын көбү Кылмыш-жаза жана Административдик Кодекстер менен Шайлоо Кодексиндеги жоболордун карама-каршылыгын жоюуга багытталды. Анын ичинде палатанын жапырт колдоосу менен кабыл алынган эки мыйзамдын бири 10-октябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо байкалган мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн даярдалган. Натыйжада, Шайлоо Кодексиндеги добуш берүү документтери жөнүндөгү 8-беренеге шайлоочулардын тизмеси да расмий документ деген түшүнүк киргизилди. Андан тышкары жергиликтүү бийликтер шайлоочулардын тизмесин шайлоо комиссияларына мурдагыдай 25 күндүн ичинде эмес 45 күндүн ичинде берсин,талапкер шайлоочулардын тизмеси менен таанышып, анын көчүрмөсүн алууга, добуш бергенден кийин салыштырып текшерүүгө укуктуу деген жоболор да киргизилди. Мыйзамдын автору, депутат Кубатбек Байболовдун айтымында, мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда шайлоочулардын тизмесининин каалагандай бурмаландыгы түрткү берди:

- Талапкерлер шайлоого 45 күн калганда шайлоочулардын тизмесин алууга жана аны жер-жерлерге барып текшерүүгө мүмкүнчүлүгү болуусу үчүн ушундай аракет жасалды. Болбосо өткөн жергиликтүү шайлоодо эгерим ошол жерде жашабаган 100-150дөн адам тизмеге киргизилген. Буга чейин мындай тизмени түзгөндөр эч кандай жоопкерчиликсиз калып жатат.Эгер ушул долбоорго президент кол кое турган болсо тизмени атайылап бурмалап участкада жашабаган шайлоочуларды тизмеге киргизген адамдар Кылмыш-Жаза кодексинде үч жылдан 7 жылга чейин жаза алат деп көрсөтүлгөн жобого ылайык жаза берилет.Эми тизмени бурмалап көнгөндөр ушуну эске алууга тийиш.

Мындан тышкары аталган мыйзамдын негизинде бир талапкер экинчи талапкердин шайлоо фондусуна каражат кайдан түшүп, кандай сарпталып жаткандыгы жөнүндө маалымат алууга,шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочунунун документин текшерүүгө укук алды. Ошондой эле муниципалдык мекеменин өкүлү менен муниципалдык кызматкер деген түшүнүк аныкталды. Ал тууралуу Кубат Байболов:

- Өткөн шайлоодо кээ бир шайлоо участкаларындагы шайлоо комиссиясынын тутуму бир мекемеде иштеген адамдардан гана түзүлүп калган. Маселен, комиссиянын 11 мүчөсү болсо тогузу бир мекемеден экен. Ал эми Шайлоо Кодексинде бир мекемеде иштеген адамдардын саны комиссия тутумунун үчтөн биринен ашык болбосун деп белгиленген. Ага карабастан ушундай тартипте түзүлгөн комиссиялар боюнча Борборбук Шайлоо комиссияга кайрылышканда, анын өкүлдөрү алар муниципалдык кызматкерлер эмес, муниципалдык мекеменин кызматкерлери деп түшүндүрмө берген. Ушундан улам биз бир тармакта иштеген адамдардын саны комиссия тутумунун үчтөн биринен ашык болбосун деген жобо киргиздик. Өзгөртүүнүн негизги максаты ушул, - деп түшүндүрдү.

Палата бул күнү кабыл алган экинчи маанилүү мыйзам Жогорку Кеңеш депутаттыгына ат салышар талапкер таасир бере турган аймак менен тармакты аныктаган мыйзам болду. Анын негизинде Шайлоо кодексине акциясынын 30 проценттик акциясы мамлекетке тиешелүү акционердик коомдордун жетекчилери, республикалык маанидеги кызматкерлер шайлоого катыша турган болсо ишинен убактылуу бошонуп кетүүгө тийиш деген өзгөртүү киргизилди. Ал тууралуу депутат Ишенбай Кадырбеков төмөнкүчө түшүндүрмө берди:

- Эгерде министр талапкер болсо ал кызматы боюнча республиканын бардык жерине таасир бере алат. Ошондуктан ал өлкөдөгү 75 шайлоо округунун кайсынысынан талапкер болбосун ишин өткөрүп берүүгө милдеттүү болот. Ал эми облустук саламаттык сактоо же ички иштер башкармасынын жетекчиси өзү иштеген облустагы округдардын биринен талапкер болсо,ишин өткөрүп берүүгө милдеттүү. Эгер өзү иштеген облустагы округдан эмес коңшу облустан чыга турган болсо, ал иш сапарга кетти деп эсептелип, ишин өткөрүп берүүгө милдеттүү болбойт. Мындан тышкары акционердик коомдун,маселен, энергетика тармагындагы компания болсо анын тийгизе турган таасири Кыргызстандын бардык аймагында бирдей. Демек, таасири бирдей болгондон кийин анын жетекчиси 75 округдун кайсынынан талапкер болбосун ишин өткөрүп берүүгө тийиш. Андан тышкары, маселен,энергетика тармагында «Чыгышэлектр» станциясы деген ишкана бар. Ал Нарын жана Ысыккөл облустарындагы электр тармактарын тейлейт жана таасири ушул аймактарда күчтүү. Ушундан улам бул ишкананын жетекчиси Ысыккөл же Нарын облусунун аймагындагы округдардын биринен депутаттыкка талапкер боло турган болсо жумуштан бошонууга милдеттүү.

Аталган мыйзамдын негизинде окуу жайлардын ректорлору да окуу жай турган округдан депутаттыкка талапкер боло албай турган болду.

XS
SM
MD
LG