Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

АВТОРДУК УКУК КАЯКТА?


Кожогелди Култегин, Ош

Мындай башаламандык ушул эгемендүүлүк жылдарында айрыкча күчөгөндүгүн айтпаса да белгилүү. Адегенде Оштогу көрүнүктүү жазуучу Таш Мияшовдун сөзүн угуп көрөлү:

- Ошто ким сүйлөсө эле «Кыргыз жери сопсонун, кыйласынан Ош соонун» деген Байдылда Сарногоевдин сөзүн кыпчып кетишет. Бирок аны туура да айтышпайт.Байдылда Сарногоев кыргыздын көрүнүктүү акыны ушундай айтты эле деген сөздүайтпай калышат.

Таш Мияшов белгилеген Сарногоевдин ушул ыр саптарын Ош шаардык мэриясы майрам сайын борбордук Ленин көчөсүнө жаркыратып илип коет. Ал кыпкызыл тасмага жазылган, бирок автору эч качан көрсөтүлбөйт. Жазуучу Таш Мияшов дагы бир жоопкерчиликсиздигин жеткен чегин айтып өттү:

- Исхак Раззаковдун «Мен таза болсом, сен таза болсоң - коом таза болот» деген жалындуу сөздүн үстүндө Акаевдин сүрөтү турат, алдында Раззаковдун аты жазылган эмес. Акаев айтканбы, Раззаков айтканбы белгисиз болуп калыптыр. Мына ушундай маселелер бизде абдан эле көп.

Карасуу жолунда болсо Аалы Токомбаевдин «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» деген атактуу ыр саптары жол жээгине бадырайта жазылып, анда да автору унутта калган. Райондорго кетчү ушундай трассалардын жээгине катары менен ураан-чакырыктарды жазып орнотуп чыгуу Ош облусунда соңку жылдары кыйла колго алынды. Ал тууралуу Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин башчысынын орун басары Светлана Бостонова мындай дейт:

- Бул жака коноктор, чет элдиктер келет. Бул акимдердин өздөрүнүн идеясы болот, биз көзөмөлгө алып коёбуз.

Облустук мамлекеттик акимчилик көзөмөлгө алган болсо айрым ураан чакырыктарды, көрнөк-жарнактарды оңдоткон, же алмаштырткан учуруңар болдубу деген суроого Светлана Бостонова мындайча жооп берди:

- Бир сын пикирибизди айтканбыз, алып койгула мындай болбойт деген. Биз талап кылып атабыз автору сөзсүз жазылсын деп.

Ал эми Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы илим жана интеллектуалдык менчикти коргоо агенттигинин Ош бөлүмүнүн башчысы Замира Токтомаматова маселеге байланыштуу төмөндөгүдөй оюн ортого салды:

- Эми бул боюнча мекеме, уюмдун жетекчилери жооптуу болушу керек. Авторлор менен келишим түзүп туруп жазса туура болмок.

Авторлорду жазбай коюу өнөкөткө айланып бараткандыгына күйүп-бышкан мектеп мугалими Салима Муратова:

- Ошто Акаевден башка авторду дегеле баалабайт. Бир гана Акаевдин фамилиясы жазылат, калгандары бүт унутта калган, - деген оюн жашырбайт.

Ошол президент Аскар Акаевдин сөздөрү да пунктациялык каталар менен коштолгону албетте өкүнүчтүү. Маселен Ош шаарындагы чоң көпүрөнүн башында Кыргызстан көчөсүндө, президенттин чоң сүрөтү тартылып, алдына «Ош шаарынын тарыхы жана тагдыры бул, кыргыз элинин тарыхы жана тагдыры» деген сөзү берилген. Сүйлөмдүн ортосундагы негизги пунктациялык белги сызыкчанын ордуна үтүр коюлуп, президент сөзү өз маанисинен ажырап турат. Өзгөн жолунда болсо «Мээрим» кайрымдуулук корун даңктаган ураанда бир эле сүйлөмдө ушундай төрт ката бар. Ал эми ошол эле Өзгөн жолундагы «Кедейчиликти жоюу - жакырчылыктан арылуу» деген ураанды окуган адам аргасыздан күлбөй койбойт. Өтүк бул бут кийим деген эле сөз да. Ушундай жагдайлардан улам жазуучу Таш Мияшовдун:

- Атайын туура жазуу, туура көрсөтүү, туура жерге илүү жөнүндө мыйзам чыкса, аны биз колдоор элек, - деген сөзүндө жан бардай сезилет.
XS
SM
MD
LG