Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Россия улуттук тилдерин ариптерин өзгөртүүгө тыйуу салды


МОСКВА. Россиянын Конституциялык соту өлкөнүн региондоруна улуттук тилдирдердин алфавиттеринин графикалык негизин өз алдынча тандоого тыйуу салды. Бул маселени чечип берүүнү өтүнүп сотко Татарстандын мамлекеттик кеңеши менен Жогорку соту кайрылышкан болчу.
Татарстандын парламенттик комиссиясынын төрагасы Разил Валиев:
- Бул саясий чечим бизди таң калтырган деле жок, эми аппеляциялык арыз менен эл аралык уюмдарга, Страсбургдагы Европа сотуна кайрылганыбыз эле калды. Башка аргабыз калган жок, - деп айтты.
Латын арабине өтүүнү колдогондор "латын ариби татар тилинин тыбыштар системасын графикалык жактан так чагылдырууга жол ачат" дешсе, ага каршы чыккандар "мындай реформа жумурият коомчулугун жиктейт" деген пикирде.

XS
SM
MD
LG